2026-жылдын 28-июнунда Чет тилдер институтунда Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин билим берүү программалары боюнча адиси Гүлзат Кочорова студенттер жана окутуучулар үчүн маалыматтык сессия өткөрдү.
Ал АКШдагы билим берүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берип, Fulbright Program магистрдик программасы, Hubert H. Humphrey Fellowship Program жана Fulbright Foreign Student Program боюнча түшүндүрмөлөрдү сунуштады.
Сессиянын жүрүшүндө программаларга катышуу шарттары, документ тапшыруу жол-жоболору, тандоо этаптары жана билим берүү гранттарынын артыкчылыктары тууралуу кеңири талкуу жүргүзүлдү. Катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алып, чет өлкөдө билим алуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пайдалуу маалыматтарга ээ болушту.
Чет тилдер институту Кыргыз Республикасындагы Америка Кошмо Штаттарынын Элчилигине кызматташтыгы, студенттер менен окутуучулар үчүн уюштурулган пайдалуу жана мазмундуу маалыматтык сессиясы үчүн терең ыраазычылык билдирет.
Мындай жолугушуулар жаштардын эл аралык билим берүү программаларына болгон кызыгуусун арттырып, кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.
(С) Байболотова Ж.Т. — Чет тилдер институтунун директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары