2025-жылдын 11-апрель күнү колдонмо информатика багыттык билим берүү программасынын демилгеси менен ОшМУнун “Экономиканын маалыматтык системалары” кафедрасынын башчысы, физика-математика илимдеринин кандидаты, экономика илимдеринин доктору, профессор, Россиянын табийгый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Топчубай Култаев жана И.Раззаков атындагы КМТУнун «Экономиканын маалыматтык системалары» кафедрасынын башчысы, физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор, КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, А.Эйнштейн атындагы Эл аралык энергетикалык академиясынын академиги Марат Джапаров математика жана информатика институтунун студенттерине IT технология жана жасалма интеллект багытын өнүктүрүү боюнча дарс өтүштү. Лекция жандуу өтүп, зор кызыгууларды жаратты.
Профессор Топчубай Чокоевич IT технология түшүнүгү боюнча айтымында, бул маалымат менен иштөө үчүн колдонулган техникалык каражаттар жана ыкмалардын жыйындысы болуп, бүгүнкү күндө билим берүүдө, бизнес чөйрөсүндө, мамлекеттик кызматтарда кеңири колдонуларына токтолуп кетти.
Ал о.э. IT технология дүйнөсүндө негизги программалоо тилдери Python, Java, Java Script, C/C++, C#(C-Shrip), SQH, GO(Golang) жана Kotlin ар түрдүү багыттарга жараша колдонуларын баса белгилеп, кесипкөй адистер үчүн иштөө мүмкүнчүлүгү дүйнө жүзү боюнча болуп, жогорку маянага ээ болуу менен бирге күн сайын өнүгүү жана үйрөнүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болорун кошумчалап кетти.
Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө профессор Марат Турдалиевич, жасалма интеллект жөнүндө маалымат берүүсүндө, аны окуу үчүн Python тилин өздөштүрүшүбүз керек экендигин, анткени ал компьютерди үйрөтүүгө арналган абдан универсалдуу программалоо тилдердин бири экендигин айтты.
Лектор о.э. жасалма интеллектин терс жагы адамдын сүрөтүн жана видеосун карап эле үндөрдү туурай ала турган дилфейктер пайда болгонун, маалымат манипуляциясы, алгоритимдердин жардамы менен маалымат жана пикирлерди манипуляциялоо мүмкүн экенин айтып, студенттердин илим жаатында ийгиликке жетүү максатында тарыхый рекорд коюп жаткан “Chat GPT” жасалма интеллекти колдонууну сунуштады.
Иш-чаранын жүрүшүндө чогулуштун катышуучуларында көптөгөн суроолор болуп, кызыктуу дискуссия да болду.
Бүгүнкү өтүлгөн дарс катышуучулар тарабынан жогору бааланып, билим берүү жаатында жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып, студенттер өздөрүнүн профессионалдык жана жекелик сапаттарын жакшыртуу үчүн жаңы билимдерди алышып, алар математиканын табият таанууда ээлеген орду, математиканы өнүктүрүүсүз эч кандай прогресс мүмкүн эместиги, биздин келечектеги жашообуз IT технология, нанотехнологиялар менен тыгыз байланышта болоору, жасалма интеллект, Big data жана Робот түзүү программасынын алгачкы кадамы тууралуу кеңири маалымат алышты.
Колдонмо информатика багыттык билим берүү программасынын профессору, Түштүк Кореялык “We Daba Lab” борборунун өкүлү,МжИИнун студенттери үчүн уюштурулган “Python жана чоң маалыматтар базасы” аталашындагы курстун жетекчиси Чой Йонг Санг мырза Улуттук университетте “IT технология жана жасалма интеллект” багытын өнүктүрүүгө, айрыкча “Робототехника” багытын мыкты деңгээлге жеткирүү максатында ийгиликтүү иш-аракеттерди жасап,олуттуу салым кошууга даяр экендигин билдирди.
Жыйындын соңунда колдонмо информатика багыттык билим берүү программасынын жетекчиси, ф.-м.и.д., профессор Бекжан Темиров жасалма интеллекти Улуттук университетте мыкты деңгээлде өздөштүрүү максатында жасаган иш аракеттери үчүн лекторлор Топчубай Култаев, Марат Жапаров жана Чой Йонг Санг мырзага ыраазычылык билдирип, аларга мындар аркы педагогикалык жана илимпоздук ишмердүүлүктөрүнө албан-албан ийгиликтерди каалады.
Бүгүнкү иш-чара Улуттук университеттин 100 жылдыгына жана мамлекеттик “Уңгу жолу” доктринасынын негизги багыттарынын бири саналган таалим-тарбия, илим, билим жана маданият жаатында өткөрүлүп, илимдин баардык тармактарында, инновациялык технологиянын акыркы ачылыштарын колдонууга жетишүү, ошону менен илимий ойдун дүйнөлүк кеңдиги менен бийиктигин өздөштүрүү жөнүндөгү маалыматты жаштарга жеткирүү чакырыгы болчу.
(С) Бактияр Рахманкулов – директордун орун басары, ф.-м.и.к., доцент


