Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде 2025-жылдын 10-апрелинде Факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасы, Философия, маданияттын теориясы жана тарыхы кафедрасы, Манас таануу жана дүйнөлүк адабияттар кафедрасы, “Бозжол” философиялык изилдөө борбору биргеликте “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” деп аталган Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 уңгужолун (доктринасын) ишке ашыруу максатында уюштурулган “Улуттук нарк менен тарбияланган муун – мамлекетибиздин күчтүү руханий пайдубалы” аталышындагыЖусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына арналган жогорку окуу жайлар аралык илимий-практикалык студенттик конференция Ж. Баласагын атындагы КУУнун №10-окуу имаратында болуп өттү.
Илимий-практикалык конференцияны Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Илим жана жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы, философия доктору (PhD) Тыналиев Урматбек Мэлисович ачып, келечек муундун илимге болгон кызыгуусуна шарт түзүүгө көмөктөшкөн маалыматтары менен бөлүшүп, студенттердин ишине ийгилик каалады.
Илимий-практикалык конференцияга И. Раззаков атындагы Политехникалык университетинин, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын юридикалык академиясынын, Эл аралык Кувейт университетинин, Кыргызстан Эл аралык университетинин, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтунун, Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун студенттери катышты.
Конференциянын негизги максаттары:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу;
- Коомдун өнүгүүсүндөгү улуттук нарктын ордун жана ролун изилдөө;
- Улуттук наркты чыңдоого шарт түзгөн факторлорду талдоо;
- Улуттук нарктын мамлекеттин гүлдөп-өсүшүнө жана анын туруктуу өнүгүшүнө тийгизген таасирин баалоо болду.
Илимий-практикалык конференцияныЖ. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтунун 3-курсунун студенти Аманов Марсел алып барды.
Илимий-практикалык конференцияга Эл аралык Кувейт университетинин студенттери:
- Өскөналиева Айзирек;
- Качкынбаева Акылай;
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын юридикалык академиясынын студенттери:
- Алмазбекова Айдана;
- Бакытов Руслан;
- Мухтаров Бекжан;
- Шаршенбаев Эржан;
Кыргызстан Эл аралык университетинин студенттери:
- Андакулова Алия;
- Нуридинова Сайкал;
Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтунун студенттери:
- Шаймердинов Балбай
- Раимбуаева Нурзида
- Асылбекова Мелена
- Абубакирова Жаниела
- Сагынова Айжан
- Мырзагулова Диана
- Айсаева Айзат
- Сталбекова Айзада
- Курманбекова Аяна
- Манасов Нурсултан
Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун студенти:
Амантур кызы Айпери;
И. Раззаков атындагы Политехникалык университетинин студенти:
Жампейишова Орозган катышып, докладдарын окушту.
Докладдар окулуп бүткөндөн кийин студенттер арасында кызыктуу талкуу жүрдү.
Илимий-практикалык конференциянын аягында иш-чарага жигердүү катышкандыктары үчүн Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Илимий иштер боюнча проректорунун тастыктамасы менен сыйланышты. Ошондой эле студенттер аралык илимий-практикалык конференцияда мыкты даярдыкты көрсөткөндүгү үчүн:
- Шаршенбаев Эржан – Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын юридикалык академиясынынстуденти I даражадагы;
- Шаймердинов Балбай – Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтунун студенти II даражадагы;
- Качкынбаева Акылай – Эл аралык Кувейт университетинин студенти III даражадагы;
- Андакулова Алия – Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетининстуденти III даражадагы;
- Амантур кызы Айпери – Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Социалдык-гуманитардык илимдер институтунунстуденти III даражадагы диплом менен сыйланышты.
Тексти жазган: Ибраимова Жаркын Турсановна – факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын ага окутуучусу




