2025-жылдын 26-мартында башкы имараттагы чоң жыйындар залында КУУнун 100 жылдыгынын алкагында залкар илимпоз, улуу педагог, тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, “Даңк” жана “Манас эпосуна 1000 жыл” медалдарынын ээси, “Кыргыз тарых коому” эл аралык коомдук бирикмесинин Белек Солтоноев наамындагы сыйлыгынын ээси Токторбек Наматбекович Өмүрбековдун 70 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференциянын расмий бөлүмүн тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору Туратбек Сырдыбаев алып барды.

Т.Н. Өмүрбеков тууралуу видео тасма көрсөтүлгөн соң, жыйындын катышуучуларына КУУнун ректорунун атынан мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев куттуктоо сөзүн айтты.

Андан кийин кезек эскерүүлөргө берилип, КР Президентинин кеңешчиси Арслан Койчиев, КР Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары Октябрь Капалбаев, “Мурас” фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов, М.Кашгари атындагы Чыгыш университетинин ректорунун кенешчиси Асан Ормушев, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетитинин тарых, мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу кафедрасынын башчысы Жеңишбек Керимкулов, тарых жана чөлкөм таануу институтунун профессору Жыргал Момбекова, Талас мамлекеттик университетинин тарых кафедрасынын башчысы Моймол Жусупова, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин деканы Гүлжамал Эсеналиева, №51-гимназиянын мугалими, карындашы Жылдыз Өмүрбекова чыгып сүйлөштү.

Конференциянын жүрүшүндө төмөндөгү илимий баяндамалар окулду:

  • Абылабек Асанканов – УИАнын академиги: “Мыкты педагог, дархан окумуштуу, адамгерчилиги бийик инсан”;
  • Өскөн Осмонов – УИАнын корреспондент-мүчөсү: “Т.Н.Өмүрбековдун окуу программалары жана окуу китептерин түзүүдөгү ролу”;
  • Дөөлөтбек Сапаралиев – К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Кыргызстандын жана Чыгыш чет өлкөлөрдүн тарыхы кафедрасынын башчысы: “Кыргыз тарыхнаамасындагы инсан таануу багытынын калыптанышына профессор Т.Н. Өмүрбековдун кошкон салымы”;
  • Токтобек Рыскулов – К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер кафедрасынын башчысы: “Профессор Т.Н. Өмүрбековдун кыргыз тарых илиминдеги орду”;
  • Айгүл Элебесова – Кыргыз Республикасынын билим берүү академиясы: “Профессор Т.Н. Өмүрбековдун республиканын орто мектептери үчүн окуу китептерин даярдоого кошкон салымы”;
  • Рыскул Жолдошов – Ж. Баласагын атындагы КУУнун доценти: “Токторбек Өмүрбеков – таланттуу педагог жана чаалыкпас изилдөөчү”.

Тыныгуудан кийин, конференциянын иши төмөндөгү секцияларда уланды:

  • Секция 1. Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхында көөнөргүс роль ойногон инсандар тууралуу жаңы архивдик, жазма, фольклордук даректер, серептер жана башка маалыматтар  (Модератор: Сапаралиев Д.Б. – т.и.к., профессор);
  • Секция 2. Кыргызстандагы XVIII к.  – XX к. башындагы  улуттук боштондук күрөштөрдүн тарыхын жана тарых илимдеринин доктору, профессор Өмүрбеков Токторбек Наматбековичтин илимий педагогикалык мурасын изилдөө маселелери (Модератор: Шейшеканов Т.Б. – т.и.к., доцент);
  • Секция 3. Борбордук Азиянын  тарыхын изилдөөдөгү актуалдуу проблемалар (Модератор: Алимова Б.М. – т.и.к., доцент);

Өмүрбеков Токторбек Наматбекович (27.03.1955 –– 30.07.2019)

1955-жылы 27-мартта Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылында туулган. Жогорку билимдүү, 1978-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин (КУУ) артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Тарых илимдеринин доктору, доктордук диссертациясынын темасы: «Улуу инсандардын Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду (XIX кылымдын ортосу-XX кылымдын башы)». Адистиги: 07.00.02.-Ата Мекендин тарыхы (2004-ж.), 2000-жылдан бери профессор болуп эмгектенген.

Илимий изилдөө ишинин жыйынтыктарынын кыскача мүнөздөмөсү:

  • Кыргыз тарыхнаамесинде алгачкы жолу улуу инсандардын Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду комплекстүү изилденген. Архивдик жана башка  жазуу булактарын, элдик оозеки тарых-санжыранын маалыматтарын объективдүү анализдөө аркылуу тарыхий инсандарга илимий баа берген. Мында  бай тарыхий так даректердин негизинде Ормон хандын өз алдынча кыргыз хандыгын түзүү боюнча мамлекеттик ишмердиги ачылган, Ажыбек баатырдын Кыргызстандын чек арасын коргоо үчүн күрөштөгү ролу такталып даана көрсөтүлгөн. Логикалык жактан ырааттуу түрдө Боромбай, Жантай, Жангарач бийдин аймак Орусияга кошулаардын алдындагы жана каратылуу учурундагы көп кырдуу коомдук-саясий ишмердигин иликтеген. Алымбек датка, Алымкул аталыктын Кокон хандыгынын саясий турмушуна, орчундуу окуяларга катышуусун анализдеген. Өз элинин улуттук кызыкчылыктарын коргоо боюнча Курманжан датканын үзүрлүү эмгегине сереп салган. Шабдан баатырдын дооруна, ар тараптуу ишмердигинин мүнөздүү өзгөчөлүктөрүнө, дипломатиялык өнөрүнө өзгөчө көңүл бөлгөн. Кийинки эмгектеринде чыгаан инсандар: Мухаммед Кыргыз,  Кубат бий, Эсенгул баатыр, Атаке баатыр, Бердике баатыр,  Садыр баатыр,  Жайыл батыр ж.б. өтөлгөлүү өмүрүнө, эрдиктерине басым жасаган.

Жарыяланган илимий–методикалык эмгектеринин саны:

  • 200 дөн ашуун илимий, окуу-усулдук иштери бар,  анын ичинде 10 монография, 20 дан ашуун окуу китептери менен окуу-усулдук куралдарын жазган, алардын үчөө орто мектептердин 6,7,8 класстары үчүн «Кыргызстан тарыхы» кыргыз, орус, өзбек тилдеринде,  бирөө ЖОЖ үчүн окуу китептери.

Ал орто мектептердин 6,7,8 класстары үчүн «Кыргызстан тарыхы» сабагынын, ошондой эле «Байыркы Дүйнө тарыхынын» типтүү программаларын иштеп чыккан. «Тарых», «Архив таануу», «Чөлкөм таануу», «Музейтаануу» адистиктери, багыттары боюнча жогорку кесиптик билим берүүнүн, магистратуранын  Мамлекеттик стандарттарын даярдаган жумушчу топту 2002-2003-жж. жетектеген.

Профессор Т.Н. Өмүрбековдун жетекчилиги астында 10  кандидаттык диссертация корголгон.

Иштеген жерлери жана кызматы:

  • 1978-1989-жж. КМУ (КУУ) тарых факультетинин СССР тарыхы кафедрасынын окутуучусу
  • 1982-1985-жж. КМУ (КУУ) сырттан окуучу аспиранты
  • 1989-1992-жж. КМУ (КУУ) СССР тарыхы кафедрасынын ага окутуучусу
  • 1992-1994-жж. КМУ(КУУ) Түркстан, Кавказ жана Россиянын тарыхы кафедрасынын доценти
  • 1992-1995-жж. Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы илимий-пропагандалык долбоорунун директорунун орун басары
  • 1994-ж. ноябрь-2001-ж. январь. КМУУ (КУУ) КМШ элдеринин (1999-ж. тартып ААӨ) тарыхы кафедрасынын башчысы
  • 2001-ж. январь – 2008-ж. март КУУнун тарых жана чөлкөм таануу факультетинин  деканы
  • 2006-ж. сентябрь-ноябрь бир эле учурда КУУнун окуу иштери боюнча проректору
  • 2008-ж. 2009-ж. март КУУнун Жусуп Баласагын атындагы илимий билим берүү борборунун директору
  • 2008-ж. марттан тартып өмүрүнүн аягына чейин КУУнун Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын профессору
  • 2012-ж. Талас мамлекеттик университетинин ардактуу профессору
  • 2018-ж. С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ардактуу профессору.

Өкмөттүк сыйлыктары:

  • «Манас» эпосуна 1000 жыл» эстелик медалы, 1995-ж.
  • «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги», 1999-ж.
  • «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер», 2011-ж.
  • “Даңк” медалы, 2016-ж.

Негизги илимий эмгектери:

  • Улуу инсандардын Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду (XIX к. ортосу –  XX к. башы).- Б.: Бийиктик, 2003. -288 бет.
  • Боромбай бий. Тарыхый очерк. – Б., 2003.
  • Жантай жана Жангарач. Тарыхый очерк.-  Б., 2003.
  • Атаке баатыр баяны. – Б.: Бийиктик, 2005. -160 бет.
  • Кыргызстан тарыхы. ЖОЖ үчүн окуу китеби. – Б.: Макспринт, 2011. – 330 бет.
  • История кыргызов и Кыргызстана. Учебник  для 6 класса. – Б., 2005, 2012 (Т.К.Чоротегин менен авторлош).
  • История Кыргызстана. Учебник для 7 класса. – Б., 2005, 2007, 2009, 2012 (Т.К.Чоротегин менен авторлош).
  • История Кыргызстана. Учебник для 8 класса средней школы. . – Б., 2005, 2009, 2012, 2014 (Т.К.Чоротегин менен авторлош).
  • Эл башылар, эрендер жана эл тарыхы. – Б.: Макспринт, 2014. 227-бет.
  • Кыргыздардын жана Кыргызстандын жаңы доордогу тарыхы (авторлош) – Б,:Кыргызстан, 1995. -215 бет.
  • Кошой-Коргон – Древний город Атбаш (авторлош). – Б.: Учкун, 119 бет.
  •  Төрөкул Айтматов коомдук-саясий жана мамлекеттик ишмер (авторлош). – Б.: Макспринт, 2011. – 150 бет.
  • Кыргыз тарыхы: калмак, казак,  Кокон хандарынын  кастыгы. Азаттык наркы. (М.Б. Асипбаева менен авторлош).- Б.:2015
  • Кыргызстандын тарыхы  ЖОЖ студенттери  үчүн окуу  китеби – Б.:2015. – 20 б.т.
  • Кыргыз тарыхы: улуу инсандары,  Б.:2018. – 488 бет.

Кошумча маалымат:

  • Орто мектептердин окуу китептерин иштеп чыгуу боюнча эл аралык долбоордун катышуучусу болгон. Германия, Брауншвейш. Георг Эккерт  институту. (2009-2010- жж.)
  • «Эл агартуу» журналынын редколлегия мүчөсү (1996-2019-жж.)
  • Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын өткөрүү боюнча секретариаттын катчысы болуп иштеген  (2002-2003-жж.).
  • КР Жогорку аттестациялык комиссиясынын эксперттик комиссиясынын мүчөсү болгон ( 2002-2012-жж.).
  • КР Президентине караштуу кыргыз Тарых илимдерин өнүктүрүү боюнча комиссиянын мүчөсү болгон (2013-2019-жж.).
  • «Ата Мекендин тарыхы» адистиги боюнча диссертациялык кеңештин мүчөсү болгон (2014-2019-жж.).
  • Казакстан Республикасынын Улуттук архивинин «Казакстан мурагаттары» илимий-практикалык журналынын  ред. кеңешинин мүчөсү болгон (2014-2019-жж.).

Добавить комментарий