2023-жылдын 29-сентябрь күнү башкы имараттагы чоӊ жыйындар залында улуу акын Молдо Нияздын 200 жылдыгына арналган “Көп кырдуу көсөм” аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.
Жаш окумуштууларга, аспиранттарга, докторанттарга, магистранттарга жана жалпы эле жаш муундарга улуу акын, алгачкы педагог, даанышман ойчул, таанымал тарыхчы жана өз заманынын залкар агартуучусу Молдо Нияз тууралуу маалымат берүү максатында өткөрүлүп жаткан иш чараны мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан ачты. Ал бүгүнкү өткөрүлүп жаткан иш чараны “Поэзия кечеси”, “Илимдин кечеси”, “Адабияттын кечеси”, “Тарыхтын кечеси” деп айтса болоорун – иши кылып бардык жагынан айтсак жараша турган салтанаттуу иш чара экендигин белгилеп, Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата соӊку 3 жылдан бери аткарылган иштер тууралуу билдирүү жасады жана сөз кезегин КУУнун ректору Төлөбек Абдырахмановго берди.
Ректор илимий-конференциянын уюштуруучуларына жана келген меймандарга ыраазычылыгын билдирип, “Урматтуу студенттер! Ушундай улуу адамдын бейнесине арналган конференцияга катышып, белгилүү тилчи, профессор, академиктердин докладын угуу – силер үчүн чоӊ сыймык жана сабак болот. Бүгүнкү иш чарада Молдо Ниязды изилдеп, китептерин, макалаларын чыгарган окумуштуулар отурат. Алар акындын бейнесин мындан ары да ачып, изилдеп, кыргыз элине дагы да жакындатат деп терең ишененм. Бул – өзгөчө жаштарга чоӊ насаат, көрөӊгө боло турган нерсе деп ойлойм. Жыйында жакшы ой, сунуштар айтылат. Алар жерде калбай, ишке ашып кетсе жакшы болот. Сиздерге ийгилик каалайм, – деди Төлөбек Абдырахманов.
Улуу акын Молдо Нияздын өмүр-тагдырын баяндаган видеотасма көрсөтүлгөн соӊ, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин экс-төрагасы, академик Абдыганы Эркебаев чыгып сүйлөдү. – Биз окуп жүргөн учурда Молдо Нияз жөнүндө эч кандай маалымат жок болчу, – деди Жогорку Кеӊештин экс-төрагасы. – Ал жөнүндө эӊ биринчилерден болуп академик Болот Юнусалиев макала жазып чыгаргандан кийин, мен дагы 5 жыл Москвада архивдерден изилдеп, адабий жагынан талдап, кандидаттык ишими чыгаргам. Кийин китебин таап, Улуттук илимдер академиясына өткөрүп бергем.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов 200 жыл мурда жашап кеткен Молдо Нияздын өмүр жолу, жазып кеткен санаттары коомго керек экендигин белгилеп, “Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миӊди жыгат” дейт, бул кишинин эмгектеринде өзгөчө көрүнүш бар. Таш менен дагы, жаратылыш менен дагы сүйлөшүп жаткансып, алардан кечирим сурап жаткансып жазган. Ал башкача ойонгон адам экен. Эӊ кызыгы – уруу-уруу, айыл менен айыл ортосундагы мамиле, ойду жорголотуп, сапка тизип, жугумдуу-угумдуу кылып жазган. Эл кыдырып Анжиян, Бухарага чейин барган. Ошол учурдагы күчтүү адабиятчылардын таалимин алып, китебин окуган. Замандаштары Молдо Ниязды “киши китеп” деп коюшчу экен. Анткени басса да, турса да куржунунда толтура китептерин көтөрүп жүргөн экен. Биз ким экенибизди, кандай касиеттүү эл экенибизди жана сөз байлыгыбыздын түбү жок экендигин билип, анан алдыга кадам шилтешибиз керек. Молдо Нияз араб, фарс, түрк жана чагатай тилдеринде сүйлөп, ошол тилдерде чыгармаларын жазган. Ошол үчүн биз өтүп кеткендердин санатын, эмгектерин баалашыбыз керек”, – дели Сүйүнбек Касмамбетов.
КР маданиятына эмгек сиӊирген ишмер, журналист Н.К.Кочкоров, Улуттук жазуучулар кошунунун төрагасы Н.Калыбековдун куттуктоо сөздөрүнөн кийин, төмөндөгү баяндамалар жасалды:
- С.Ж.Мусаев – УИАнын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор: “Чагатай тили” жана Молдо Нияздын чыгармачылыгы”
- Ж.Б. Бөкөшов – филос.и.д., профессор: “Сөз мааниси жана ой мазмуну”
- К.С.Молдокасымов – т.и.д., профессор, “Мурас” фондунун төрагасы: “Молдо Ниязга тиешелүү архивдик жаӊы материалдар”
- А.Акынбекова – ф.и.д., молдонияз таануучу: “Чагатай тили”
- Г.Нармаматова – молдонияз таануучу: “Молдо Нияздын сөздөрүн транскрипциялоо”.
Жыйындын соңунда Молдо Нияздын урпагы Азамат Апсатаров сөз сүйлөп, “Жаш толкундар” адабий ийриминин студенттери Молдо Нияздын санаттарын айтышты.