2023-жылдын 26-сентябрь күнү 8-окуу имаратында жайгашкан Студенттерди тейлөө борборунда КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов университеттин факультет декандары жана институт директорлору менен өндүрүштүк кеңешме өткөрдү. Жыйында түзүм жетекчилеринин өздөрү жетектеген структуранын иш планы, сметасы, КУУнун 2022-2027-жылдарга түзүлгөн Стратегиялык өнүгүү планынын негизинде түзүлгөн бир жылдык өнүгүү планы, окуу, тарбия, илимий багытта өткөрүлгөн иш чаралары, эл аралык деӊгээлдеги иш чараларга катышуусу, Scopus базасына кирген басылмаларга макала жарыялоосу, конок лекциялардын өткөрүлүшү, студенттердин сабакка катышуусу, контракт төлөмдөрү, аларды жатакана менен камсыз кылуу, аспирант, докторанттарды кабыл алуу, стартап проекттерге катышуусу тууралуу отчеттору угулуп, окуу процессине тиешелүү башка маселелер да талкууланды.

Жыйындын соӊунда санариптештирүү жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректор Ирина Дмитриенко жаӊы ачылып жаткан Студенттерди тейлөө борбору менен тааныштырып, аны ишке киргизүү боюнча аткарылган иштер, СТБнын максаты, милдеттери, функциялары жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди.

Иш-чарага илимий иштер боюча проректор Назаркул Ишекеев, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан, административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов, ректораттын аппарат башчысы Мирбек Айтымбетов жана башка түзүм жетекчилери катышты.

Добавить комментарий