«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндѳ» Конститутциянын жаңы мыйзамына ылайык мамлекеттик тил аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында чыккан ректордун 2025-жылдын 22- январындагы №40 буйругуна ылайык мониторинг боюнча түзүлгөн комиссия 2025-жылдын 10-февралында география, экология жана туризм факультети менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндѳ кафедралардагы окуу дисциплиналарынын саны, сапаты жана  аны окутуунун  методикасы   жѳнүндѳ кеңири пикир  алышуу болду. Ошондой эле жолугушууда Улуттук университеттин 100 жылдыгына байланыштуу окуу китептерин, окуу –  колдонмолорду жана  монографияларды жазуу маселелери талкууланды. Кафедра башчылары ички иш кагаздары, жумушчу программалары, илимий иштери, окуу жүгү боюнча маалымат беришти. Кафедралардын окутуучу-профессордук курамынын илимий-изилдѳѳ багытында мамлекеттик тилдеги  эмгектери, окуу  куралдары боюнча талкуу болду. География, экология жана туризм факультетинде  22  кызматкер эмгектенет. 2 илимдин доктору, 16 илимдин кандидаты, 17  ага окутуучу иштейт. Факультетте 405 студент окуйт. Окуунун жүрүшү орус, кыргыз тилдеринде ѳтүлѳт.

11-февралда мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети менен жолугушуу болуп өттү. Аталган факультетте бардык иш  кагаздар мамлекеттик  жана расмий тилдерде жүргүзүлүүдѳ. Штатта 15  кызматкер эмгектенет, 4  илимдин доктору, 8 илимдин кандидаты, 5  ага окутуучу эмгектенет. Факультетте кыргыз тилинде 3 окуу куралы жана колдонмолор жарыкка чыкканы белгилүү болду.

12- февралда мамлекеттик  тил боюнча мониторинг Журналистика жана  коммуникация институтунда  ѳз ишин  улантты. Журналистика жана  коммуникация институтунда 538 студент окуйт.  Штатта 32 кызматкер эмгектенет. 2 илимдин доктору, 12 илимдин кандидаты, 19 ага окуутучу штаттык враатаманы уюштурат. Журналистика, коомчулук менен байланыш жана жарнама, телевидение боюнча 4 билим берүү программалары ѳзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. 33 квалификациялык  чыгармачылык иштен, эн мыкты деп табылган 23 фильм, мамлекеттик атесстациялык комиссиянын чечими менен КТРге, 7-каналга эфирге сунушталып, программага киргизилген. Институт фото искусство сабагынан  студенттер тарткан «Мен сени  сүйѳм ѳмүр», «Карегимде Ата Журт» аттуу кыргыз телерадио компаниясынын буйрутмасы менен, кѳчмѳ телерадиостанциянын жана студиянын режиссерлорун окутуп баштады. Телевидение багыты боюнча 12 социалдык роликтер кыргыз тилинде тартылган. «Жоогазын», “Кызыл алма” фестивалдары институттун гана эмес, университеттин да  брендине айланып келет. Институттун ичинде, “Кыргыз Туусу”, “Эркин Тоо” басмаларында, Кабар маалыматтык агенттигинде, 7-канал, ЭлТР телеканалдарында лабораториялар ачылды жана УТРК менен 2023 -жылдан бери студияларында, КТС  жана окуу борборунда практикалык сабактар ѳтүп келүүдө.

2025-жылдын 13-февралында Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект  институтунда жалпы жамаат менен жолугушуу болуп өттү. Институттун иш кагаздары кыргыз тилинде, студенттер үчүн окуу куралдары кыргыз тилинде так, даана котормолор жок, эки тилде  болгону байкалды. Институтта 65 кызматкер эмгектенет. 6 билим берүү программасы бар. 1467 студент билим алат. Институт боюнча кыргыз топ ачылган эмес, расмий тилде билим алышат. 2 илимдин доктору, 26 илимдин кандидаты, 4 илимдин профессору, 35 ага окутуучу иш алып барууда. Институттун директору быйылкы жылы кесиптик сабактардын 30 пайызы кыргыз тилинде жүргүзүүлөрү пландалып жатканын билдирди.   

(С) Динара Мырзагулова – мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы

География, экология жана туризм факультети

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети

Журналистика жана коммуникация институту

Добавить комментарий