2025-жылдын 14-февраль күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Билим берүү жана илим министрлигинин Коллегиясынын отуруму болду.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги, кызматкерлери, министрликке караштуу ведомстволук уюмдардын жана аймактык бөлүмдөрдүн башчылары, о.э. кесиптик окуу жайлардын жетекчилери катышты. 

Коллегияда 2025-2026-жылдарга билим берүү тармагынын негизги милдеттери жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү тууралуу баяндамалар жасалып, “Жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын” жана “Мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын” долбоору тааныштырылды. 

Отурумдун соңунда министрликтин Коллегиясынын мүчөлөрү тарабынан күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Добавить комментарий