2025-жылдын 13-февраль күнү КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев ректораттын жыйындар залында факультет декандары жана институт директорлору менен кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө ректор Улуттук университеттин 100 жылдык мааракесине карата аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, мааракеге карата чыгарылуучу китептердин кол жазмаларын даярдоону тездетүү, ачыла турган кабинеттер менен мамлекеттик сыйлыктарга сунушталуучу талапкерлердин тизмесин даярдоо жана Улуттук университетте өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча тиешелүү түзүм жетекчилерине тапшырмаларды берди.

Кеңешмеде о.э. окуу жайдын окуу, чарба ишмердүүлүгүнө жана коомдук турмушуна байланышкан башка маселелер да каралды.

Жыйынга биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев, илимий иштер боюнча проректор Мирлан Дылдаев, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев, административдик жана чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов, инвестициялар боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова, окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев жана ректораттын аппарат жетекчиси Дуулат Шерик уулу катышты.

Добавить комментарий