2024-жылдын 12-ноябрында Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн Филология (түрк тили жана адабияты) багыты боюнча магистратуранын студенттери 3 жумага созулган илимий-педагогикалык практикасы боюнча отчет беришти.

Жыйынга бөлүмдүн жалпы окутуучулар курамы жана студенттер катышты. Алгач бөлүм башчысы практиканы өтөөдөгү ийгиликтер жана кемчиликтерге токтолуп, баалоо процессинде предметтик сабак, тарбиялык сабак жана илимий изилдөө багыты эске алынып жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын дагы катышкандыгын белгиледи. Муну менен катар илимий жетекчилердин бекитилген тема боюнча студентинин аткарган ишинин азыркы абалы, даярдыгы боюнча жыйынтык баасын чыгарды. Отчеттун жүрүшүндө бөлүм башчысы Бурул Элебесова практиканттарга аткарган иши боюнча ой-пикирлерин бөлүшүү сунушун билдирди.

Практиканттардын арасынан Абузер Кылынч, Букет Четин, Ширин Камчыбек кызы, Багдат Язар Адак, Юнус Карадаг лингвистика (түрк тили) багыты жана Котормо жана котормо таануу адистиктеринде билим алып жаткан студенттердин түрк тилин билүү деңгээлинин жогору экендигин баса белгилешти. Түрк тилдүү адис катары бул жагдай аларды абдан кубанткандыгын жана студенттердеги мындай деңгээлде тил үйрөтүүгө жетишкен бөлүмдүн окутуучуларына ыраазычылыктарын билдиришти. Ошону менен бирге факультеттеги дарсканалардын техникалык жактан жабдылышы начар экендигин  айтышты. Бирок жаңы жасалып бүткөн Түрк тили борборунун дарсканалары бул маселенин чечилишине чоң өбөлгө түзөрүн бөлүмдүн окутуучулары да айтып өтүштү. Түрк тили негизги тил катары, экинчи чет тил катары үйрөтүүдө өтө чоң айырмачылык жок экендигин ортого салышты. Анткени Кыргызстанда профили боюнча бакалавриат же адистик катары окутууда тектеш тилдер болгондуктан, окутуп үйрөтүү жакшы жолго коюлгандыгын айтышты.

Тарбиялык мүнөздөгү 29-октябрь Түркия Республикасынын курулуш күнү, тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү, илим күнү, студенттер күнү жана Түркиядагы мугалимдер күнү боюнча ачык сабактар өтүлүп, ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Предметтик жана тарбиялык сабактардын дээрлик бардыгы илимий изилдөө  темасына байланыштырылып, айрым апробациялар жүргүзүлдү. Алсак, Али Каракөй, Мехмет Эрдоган, Эрдал Караханлы, Асым Колукыса, Фатма Колукыса, Хакан Туна, Эмрах Сезер сыяктуу практиканттар илимий темасын сабакка байланыштырып, жыйынтыгын изилдөөлөрүнө камтый алышты.

Жалпысынан алганда илимий-педагогикалык практикасы ийгиликтүү жыйынтыкталып, жогорку баллдарга татыктуу болушту.  

Мындан ары илимий изилдөө иштери жана илимий изилдөө практикалары боло тургандыгын белгилеп, магистратурадагы студенттерге ийгилик каалады.

(С) Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент

Добавить комментарий