2024-жылдын 25-октябрдында түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн “Котормо жана котормо таануу” адистигинин ККТ-1-21 группасынын студенттери 2024-жылдын 16-сентябрынан тартып 12-октябрга чейин  ЖЧК «Euroasia Trading Group» котормо компаниясында өткөн өндүрүштүк практикасынын отчетун беришти.

Практикант студенттер өндүрүштүк практиканын жүрүшүндө алгач практиканын мазмуну, практика өтүлүүүчү мекеменин директору жана кызматкерлери менен жеке жолугушуп, практиканын мөөнөтү жана милдеттери менен тааанышканын айтып беришти.  ЖЧК «Euroasia Trading Group» котормо компаниясы жана практика жетекчилеринин орток чечими менен практикант студенттердин ар бирине иштөө графиги түзүлүп, учурда кызуу өнүгүп жаткан мульт индустрия жаатында котормо ишмердүүлүгүнө байланыштуу тапшырмалар берилген. Тактап айтканда, англис тилиндеги Inside out (2015), Inside out (2024), Moana (2016), Ferdinand (2017), Up (2009), Raya and the last dragon (2021) толук метраждуу мультфильмдерин англис тилиндеги субтитрлерин жазуу, субтитрлерди кыргыз тилине которуу, кыргыз тилиндеги котормонун материалдарын видео-синхрондоштуруп которуу жана үн коштоо тапшырмалары берилген.

Практикант студенттер аталган мультфильмдерди график боюнча субтитрлерин Microsoft Word Office, Voice Recognizer, Screen Reader ж.б.у.с. программалардын жардамы менен жаздырган соң, аларды кыргыз тилине которушкан. Жетекчилер менен биргеликте субтитрлерди которууда каталардын үстүндө иштешип, толук метраждуу мультфильмди кыргыз тилине которуп, атайын программалардын жардамы менен синхрондоштуруп, үн коштоонун үстүндө иштешкен.

Отчеттун жүрүшүндө практикант студенттер которуу процессинде пайда болгон кыйынчылыктарды эстешип, аларды кантип жеңгендиги тууралуу тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Мындан сырткары мульт индустрия жаатында ээ болгон алгачкы тажрыйбаларынын пайдалуу болгонун баса белгилешип, котормочулук кесибине болгон мамилелеринин перспективалары тууралуу сыймыктануу менен айтып беришти. Практика жетекчилерине өзгөчө ыраазчылык билдиришип, котормо практикаларына байланыштуу сунуштарын айтышты. Практика жетекчилери жана түркология  жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы өндүрүштүк практиканын жыйынтыктарынын майнаптуу өткөндүгүн белгилешип, студенттерге ийгилик каалашты.

Практиканын отчетуна бөлүм башчы Бурул Элебесова жана практика жетекчилери Бермет Сыдыкбаева, Акак Молдобаева, Асем Идаева, окут. Сейилкан Тилабердиева жана ККТ-1-22, ККТ-1-21, ККТ-1-20 группаларынын студенттери катышышты. Жалпысынан алганда өндүрүштүк практика программада коюлган максатына жетип, милдеттери аткарылган деп бааланды.

(С) Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент

Добавить комментарий