«Улут өзүнүн тили, дини, маданияты, үрп-адаты жана каада-салттары менен улут болуп сакталат. Бул баалуулуктарды сактоо жана кийинки муунга жеткирүүдө жаштардын алдында чоң жоопкерчилик турат», — деди «Кыргыз Туусу» гезитинин башкы редактору Алмаз Кулматов 2026-жылдын 5-март күнү Журналистика жана коммуникация институтунун студенттери менен болгон жолугушууда. Анын айтымында, улуттук баалуулуктар ар бир элдин руханий өзөгүн түзөт. Тил, маданият, тарыхый мурас, салт-санаа жана дүйнөтааным улуттун жүзүн аныктап, коомдун өнүгүүсүндө маанилүү орунду ээлейт. Алмаз Кулматов ошондой эле «Уңгужол» түшүнүгүнүн маңызы тууралуу айтып, бул түшүнүк улуттун тарыхый тамырына, руханий мурасына жана салттуу баалуулуктарына таянып өнүгүү багытын билдирерин белгиледи.

Иш-чарага КТРКнын башкы директорунун орун басары, тележурналист Алмаз Касымалиев да катышып, улуттук баалуулуктарды телевидение аркылуу чагылдыруунун мааниси тууралуу пикир бөлүштү, ал массалык маалымат каражаттары коомдун маданий аң-сезимин калыптандырууда чоң роль ойной турганын баса белгиледи.

Жолугушуу суроо-жооп жана пикир алмашуу форматында өтүп, студенттер журналистиканын коомдогу ролу жана медиада улуттук баалуулуктарды чагылдыруу маселелери боюнча өз суроолорун беришти.

Иш-чаранын алкагында Журналистика жана коммуникация институтунда кыргыз тил кабинети да расмий ачылды. Жаңы кабинет студенттердин мамлекеттик тилди терең өздөштүрүүсүнө жана аны журналисттик ишмердүүлүктө туура колдонууга багытталган билим берүү мейкиндиги болуп кызмат кылары белгиленди.

(С) Желденбаева Жаркын — тарбия иштери боюнча директордун орун басары

Студенттер менен жолугушуу

Кыргыз тил кабинетинин ачылышы

Добавить комментарий