2026-жылдын 5-мартында Экономиканын жогорку мектебинде “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” аттуу тегерек стол болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу алкагында өткөрүлүп, коомдун адеп-ахлактык өнүгүүсүнүн стратегияларын талкуулоого жана салттуу баалуулуктарды заманбап дүйнөнүн чакырыктарына ылайыкташтырууга арналды.

Тегерек столдун негизги максаты — өлкөнүн узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүүсү үчүн кадрдык потенциалды даярдаган жогорку экономикалык билим берүү системасына улуттук баалуулуктарды жана идеологиялык негиздерди интеграциялоо болуп саналат.

Иш-чарага төмөнкү коноктор жана профессор-окутуучулар катышты:

  • Назаркул Ишекеев — КУУнун мамлекеттик тил боюнча проректору;
  • Нуриза Мусаева — Экономиканын жогорку мектебинин директору;
  • Дайырбек Аманалиев — факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын ага окутуучусу;
  • кафедра башчылары, алдыңкы профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер.

Талкуунун жүрүшүндө глобалдашуу шартында жаш муундардын улуттук өзгөчөлүгүн сактоо менен бирге дүйнөлүк мейкиндикте өз ордун табуу маселеси өзгөчө белгиленди. Катышуучулар улуттук баалуулуктарды сактоо, жаштардын мекенчилдик сезимин бекемдөө жана алардын интеллектуалдык, чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү тууралуу ой-пикирлерин билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер жана окутуучулар өздөрүнүн терең ойлорун, чыгармачылык дараметин жана улуттук маданий мурастарга болгон сый-урматын көрсөтө алышты. Талкуу жаштардын мекенчилдик духун көтөрүүгө жана улуттук баалуулуктарды даңазалоого багытталган маанилүү аянтча болуп калды.

Уюштуруучулардын белгилешинче, мындай иш-чаралар келечекте да салттуу түрдө өткөрүлүп, жаштардын демин жандырган жана коомдук аң-сезимди бекемдеген интеллектуалдык аянтча катары кызмат кылат.

Иш-чаранын уюштуруучулары: Турдалиева С.А., Сулайманова Н.О., Халикова А.А., Секиева Р.А. ©

(С) Секиева Р.А. — Финансы кафедрасынын башчысы, доцент.

Добавить комментарий