2024-жылдын 25-октябрында Бишкек шаарындагы №51 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери Д.Муктарбекова, А.Байтыкова, П.Садирдинова жана кыргыз филологиясы  факультетинин 4-5-курстарынын студент-практиканттары уюштурган Кара-Кыргыз автономиялуу  облусунун 100 жылдыгына карата “Кылым карыткан кыргыз тил” аттуу илимий-практикалык конференция болду.

Илимий-практикалык конференцияны №51 орто мектептин окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Ж.Өмүрбекова ачып, конференциянын максаты менен тааныштырып, аны ачып берди.

5-курстун студенти Сабырбекова Нуркыз “Туташ сабатсыздыкты жойгон алгачкы агартуучулар” деген аталыштагы доклад окуду. Анда кыргыз элинин сабатсыздыгын жоюу иштеринде зор салым кошушкан И.Арабаев, К.Тыныстанов, А.Орозбеков, Ж.Абдрахмановдор тууралуу кеңири маалыматтарды берип, алардын элге билим берүү системасын түптөгөндүгү факт-мисалдар менен далилдеди.

4-курстун студенти  Н.Искендерова “Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөндөн кийинки маданий-агартуу иштери” деген аталыштагы докладында алгачкы агартуучулар И.Арабаев менен К.Тыныстановдун илимий-педагогикалык ишмердүүлүктөрү тууралуу жана алар түзгөн “Алиппе” жана кыргыз тили боюнча жазган окуу китептери тууралуу  маалыматтар берилди.

Мектептин 11-классынын окуучулары Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү тууралуу чакан сценка аткарышты. Ошондой эле кыргыз тили тууралуу ырларды көркөм окушту. Аягында 5-класстын окуучулары “Кыргызстаным” ырын хор ырдап, конференция жыйынтыкталды.

Конференцияда Карьера жана практика бөлүмүнүн башчысы З.Бакалбаев, кыргыз филология факультетинин доценти Н.Осмонова, жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын доценти А.Байтокова, Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын башчысы Т.Асанов профессор К.Иманалиев атындагы ФББТ кафедрасынын башчысы, доцент Ж.Аскар кызы куттуктоо сөз сүйлөшүп, конференциянын жүрүшү, анын максаты тууралуу маалыматтарды беришти.

(С) Аскар кызы Ж. – профессор К.Иманалиев атындагы ФББТ кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент

Добавить комментарий