Кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабият кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Назгуль Турдубаева “Кылымды карыткан тюркологиялык сьезд жана К.Тыныстанов” аттуу баяндамасы менен онлайн форматында Азербайжан Республикасынын Баку шаарында Хазар университетинде 2026-жылдын 2-3-мартында өткөн “Түрк элдеринин өткөн тарыхынан келечекке карай”  аттуу Эл аралык симпозиумга катышты.

Аталган симпозиумга Азербайжан, Түркия, Кыргызстан, Афганистан, Индия, Өзбекстан мамлекеттеринен 100дөн ашык профессор- доценттер, PhD докторанттар катышты. Эң өкүнүчтүүсү, 1926-жылы өткөн Тюркологиялык жыйындын, же сьезддин стенограммасы китеп түрүндө али күнгө чейин Кыргызстанда жарыяланган эмес экен. Ал эми 2011-жылы Азербайжанда Баку шаарында орус тилинде 1- тюркологиялык жыйындын стенограммасы жарыяланган. Мына ушул тарыхый мааниси бар жыйынга Кыргызстандын агартуучулары Касым Тыныстанов, И. Арабаев, Базаркул Данияровдор барган деген маалыматтар жазылып жүрөт. Бирок, Баку шаарында орус тилинде жарыяланган стенограммада Кыргызстандан барган Касым Тыныстанов баш болгон агартуучулардын сүйлөгөн сөздөрү киргизилбей калган. Эмнеге? Алар катышкан эмеспи? Жок. Алар катышкан. Алардын сөздөрү атайын эле киргизилбей койгону байкалып турат. Анткени, стенограммадагы айрым жолдоштордун сүйлөгөн сөздөрүндө: “Как сказали учёные из Кара кыргызской автономной области”,- деген пикирлерди орус, азербайжан  окумуштуулары көбүрөөк белгилеп, айтып өтүшөт. Демек, жыйында кыргыз окумуштуулары сүйлөгөнү үчүн алар тууралуу ар бир окумуштуулардын пикирлеринде айтылып жатат. Кыргыз агартуучулардын ичинен Касым Тыныстановдун сөздөрүнүн тарыхый мааниси бар эле. Ошол алкактан карап, Назгуль Турдубаева баяндамада: — Эмне үчүн Баку шаарында өткөн тюркологиялык жыйында кыргыз агартуучулардын сүйлөгөн сөздөрү кийинки китеп түрүндө жарыяланган орус тилиндеги стенограммада кирбей калган деген суроо менен кайрылды? Кыргызстан окумуштуулары дагы Ленинград, же Москва китепканалары барып, 1926- жылы Бакуда өткөн 1-тюркологиялык жыйындын стенограммасын жарыялоого аракет кылышыбыз керек деген пикири менен баяндамасын аяктаган.

(С) Н.Ш.Турдубаева – илимий иштер боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий