2024-жылдын 25-октябрында Ж.Баласагын атындагы КУУнин А.А.Асанова атындагы Менеджмент жана бизнес институтунда “Дуалдык билим берүү, студенттердин жумуш ордун уюштуруу практикага багытталган билим берүүнү ишке ашыруунун шарты катары” аттуу эл аралык тегерек стол болуп өттү. Иш чарага бизнес чөйрөсүндөгү иш берүүчүлөрдүн, мамлекеттик органдардын,жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын,бүтүрүүчүлөрдүн, студенттердин, магистранттардын ж. б. бизнес-билим берүүсүнө кызыктар тараптардын өкүлдөрү катышты.

Тегерек стол Менеджмент билим берүү программасынын жамаатынын уюштуруусу жана Маркетинг, Сапатты башкаруу, Логистика программаларынын көмөктөшүүсү менен оффлайн жана онлайн режиминде өткөрүлдү.

Менеджмент билим берүү программасынын жетекчиси, э.и.д., проф., Нелли Акылбекова модератор катары, иш чаранын программасы менен тааныштырып, катышуучуларга колдоо көрсөтүп, убакыт бөлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

А.А.Асанова атындагы Менеджмент жана бизнес институтунун директору, э.и.к., доц. Меримкуль Керимкулова иш чараны ачуу менен бирге өткөрүлүп жаткан тегерек столдун максаты, дуалдык билим берүү системасынын актуалдуулугу, заманбап окутуу технологиялары, институттагы ишке ашырылып жаткан программалардын практиканы уюштуруудагы жетишкендиктери жана көйгөйлөөйлөрү жөнүндө сүйлѳдү.

Ж.Баласагын атындагы КУУнин Практика жана карьера борборунун директору Замир Бакалбаев саламдашуу сөзүндө тегерек столдун уюштуруучуларына жана катышуучуларына актуалдуу маселени көтөрүп чыгып, баардык кызыктар тараптар менен биргеликте талкууланып жатканына терең ыраазычылык билдирди. Ал дуалдык окууну уюштурууда жарала турган мүмкүнчүлүктѳрдү жана кыйынчылыктарды белгилеп, студенттеринин жана магистранттарынын практикаларын уюштуруудагы университеттин жаңы жетишкендиктеринен кабар берди.

Тегерек столдун катышуучулары: КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатенттин) кадрларды даярдоо секторунун башчысы – Баяканунова Д.К., жетектөөчү адиси – Айльчиев Ш.К.; КРнын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Халал индустриясын өнүктүрүү борборунун директору Кайырбеков А.Д.; PhD доктору, Алматы гуманитардык экономикалык университети Ашимбаев Толенди Арипбаев; “Таза Био Сервис” компаниясынын директору Молдокулов К.Т.; Демир-банктын кадрларды тандоо, адаптациялоо жана окутуу секторунун башчысы Абылгазиева В. М., улук адиси Кенжебаева Б.Б.; Экоисламик казыналыктын башчысынын орун басары Бешбаев Э.К., менеджмент программасынын бүтүрүүчүсү, ОАО Енвойс Вижион Диджитал Эксчейнджтин менеджери – Эрмеков Актай, маркетинг программасынын бүтүрүүчүсү, ОАО Банк Банк Бай Түшүмдүн менеджери – Абдрахманов Эрнест жана башкалар дуалдык билим берүү системасы азыркы мезгилдин талабы экендигин, келечектеги адистердин практикалык компетенцияларын калыптандырууга кошкон орду маанилүүэкендиги жөнүндө сүйлѳшүп, өздөрү кызматташып жаткан билим берүү программаларына дуалдык окууну киргизүүгө жардамдашууга даяр экендиктерин билдиришти.

Тегерек столдун алкагында иш берүүчүлөрдүн социалдык жоопкерчилиги, илим- билим чөйрөсүндөгү орду, профессионалдык стандарттарды даярдоо көйгөйлөрү жана башка көптөгөн маселелер туралуу пикир алмашуулар болду.

Пикир алмашуулар жыйынтыкталып, резолюция кабыл алынды.

Жыйындын соңунда уюштуруучуларга ыраазычылыктар айтылып, чакырылган катышуучуларга сертификаттар салтанаттуу түрдө тапшырылды.

(С) Эсенкулова  Жазгүл – «Менеджмент» программасынын ага окутуучусу

Добавить комментарий