2024-жылдын 26-июнь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында “Каада-салттар: тарыхый жагдайлары менен заманбап укутук мааниси” аттуу кереге кеңеш болуп өттү. Анда кыргыз коомчулугунда орун алып жаткан аялзатына, жеткинчек, өспүрүм балдарга карата көрсөтүлүп жаткан зордук-зомбулук, ала-качуу көйгөйү, анын кыргыздын каада-салты менен байланышы, нарктуулук, салт, каада, адаттардын түрлөрү боюнча пикирлер айтылып, маанилүү маселелер талкууланды.
Кереге кеңешке Президенттин кеңешчиси А.Койчиев, Акыйкатчынын орун басары Ж.Жоробаев, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М.Мураталиев, Жогорку Кеңештин депутаты Ч.Айдарбеков катышты.
Жыйында академик Б.Мурзубраимов, т.и.д., профессор И.Болжурова, т.и.д., профессор С.Ормушев, т.и.д., профессор Т.Чоротегин, ф.и.к., профессор А.Медетов, т.и.д. О.Капалбаев өңдүү кыргыз окумуштуу чөйрөсүнүн көрүнүктүү өкүлдөрү, КУУнун ректору Т.Абдырахманов, “Кут билим” медиаборборунун директору К.Чекиров омоктуу ойлору менен бөлүшүштү.
Байыртадан кыргыз эне сыйлаган, кыз сыйлаган эл. Ага кыргыз элинин “Бейиш эненин таманында”, “Кыздын кырк чачы улуу”, “Кыргызда кыздын аты улук, кыз сыйлабас макулук” өңдүү макалдары анык күбө. Буга байланыштуу пикири менен кереге кеңештин баяндамачылары дагы бөлүшүштү.
Президенттин кеңешчиси А.Койчиев традиция тууралуу айтып, бүгүнкү күндө традиционализмдин негизинде бүтүндөй элдин, улуттун идеологиясы түзүлүп жатканына токтолуп, ал эми ааламдашуунун шартында деглобализация процесси дагы жүрүп жатканын айтып кетти.
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М.Мураталиев жождордо кыргыздын нарк-насилин, каадасын, салтын, адаттарын, үрп-адаттарын, жөрөлгөлөрүн, ырым-жырымдарын жиликтеп үйрөтө турган атайын окутууларды ачууну сунуштады.
Профессор И.Болжурова ала качуу салт эмес экенин, мүмкүн ал социалдык дифференциациянын негизинде келип чыккан көрүнүш экенин айтып, аны менен катар педагог катары 400миң мигранттардын балдарынын келечеги кандай болору түйшөлтөрүн айтып өттү. Окумуштуунун айтымында, социалдык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, “цифровые дети” деп аталган жаңы муундун баалуулуктары, дүйнө таанымы башка болуп, ата-эне баланын ортосунда карама-каршылыктар болуп жатат.
Тарых илимдеринин кандидаты Т.Асанов этностун өнүгүүсү үй-бүлө менен тыгыз баланышта экенине, кыргыз элинде үй-бүлө маселесине ар дайым олуттуу мамиле жасалгандыгын белгилеп өттү.
Кереге кеңештин жыйынтыгында, мындай жолугушууларды областык, райондук, айылдык, республикалык масштабда уюштуруу зарыл экени айтылды.
(С) П.Джаныбекова – радиостудиянын адиси