2024-жылдын 18-июнунда Ички иштер министрлигинин генерал-майор Эргеш Алиев атындагы Академиясында кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата “Кыргыз милициясы-кылым чегинде” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Илимий иш-чарага Жогорку Кеңешинин депутаттары, Президенттин кеңешчиси Бекбосун Борубашов, Ички иштер министри Улан Ниязбеков, ИИМдин генералдары, ардагерлери жана түзүмдөрүнүн башчылары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, өкмөттүк эмес уюмдар, алдыңкы окумуштуулар, ата мекендик жана чет өлкөлүк жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамдары катышышты.

Эл аралык илимий иш-чарада кыргыз милициясынын тарыхый өнүгүү жолу, 100 жыл ичиндеги негизги этаптары жана жетишкендиктери, өлкөдөгү жана дүйнөдөгү социалдык-саясий кайра жаралууларды эске алуу менен укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүндөгү өзгөрүүлөрдү талдоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө ар кандай өлкөлөрдүн ички иштер органдары менен тажрыйба алмашуу, коомдук коопсуздуктун заманбап чакырыктары менен коркунучтарды талкуулоо, ошондой эле аларды жеңүү боюнча биргелешкен ыкмаларды иштеп чыгуу, укук коргоо органдарын ХХI кылымдын жаңы шарттарына жана чакырыктарына ыңгайлаштыруу стратегияларын калыптандыруу, укуктук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу жаатында эл аралык кызматташтыкты жана өнөктөштүктү бекемдөө, ички иштер органдарынын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, коом менен өз ара аракеттенүүсүн жогорулатуу, жаш окумуштууларды жана адистерди укук коргоо органдарына байланыштуу илимий-изилдөө иштерине тартуу маселелери каралды.

Ардактуу коноктордун баяндамаларынан кийин, негизги бөлүк жыйынтыталып, “Укук коргоо системасынын өнүгүшүнө тарыхый талдоо”, “Милициянын ишмердүүлүгүндөгү заманбап чакырыктар жана инновациялар” аталышындагы секцияларда талкуулар улантылды. Ага өлкөбүздүн жана коңшу мамлекеттердин жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү офлайн жана онлайн форматында катышышты.

Маалымат булагы: https://www.facebook.com/photo/?fbid=472699475448689&set=pcb.472699535448683

Добавить комментарий