2024-жылдын 28-июнь күнү Ысык-Ата районунун Красная речка жалпы билим берүү орто мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө аттестат жана жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаттарын тапшыруу аземи болуп өттү.
Салтанаттуу иш чарага Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Т.Абдырахмановдун атынан окуу башкармалыгынын башчысы Алмаз Кыдыралиев катышып, бүтүрүүчүлөрдү куттуктап сөз сүйлөдү жана жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен эң жогорку балл алган Аданова Зухрага белек тапшырды.
Жыйынга Ысык-Ата районунун администрациясынын башчысынын 1-орун басары Джумалиев Алмаз Жекшенбаевич, ата-энелер жана башка коноктор катышты.
Белгилей кетсек, аталган мектеп Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен КУУга кураторлукка берилген.