2024-жылдын 21-май күнү №6-окуу имаратындагы №126 “Академик М.Иманалиевдин илимий мурастары” кабинетинде математика жана информатика факультети тарабынан мамлекеттүлүктүн 100 жылдыгына карата уюштурулган «Мамлекеттин калыптанышындагы математика илиминин орду жана келечеги» аталышындагы тегерек стол болуп өттү.

Жыйынды факультет деканы Изат Усенов ачып, илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеевге сөз берди.

Проректор тегерек столдун катышуучуларын мамлекеттүлүктүн 100 жылдык  маарекеси менен куттуктап, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө педагогдордун кошкон салымы зор экендиги жөнүндө сөз кылды. Буга далил катары, карантин учурунда студенттердин окуусун үзгүлтүккө учуратпастан, аралыктан окутуу формасын колдонуп, келечек ээлерине терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшап келген математик агай-эжейлерге өз ыраазычылыгын билдирди. Ал о.э. улуттук иденттүүлүктү сактасак, мамлекеттик иденттүүлүктүн калыптанышына алып келерин баса белгилеп кетти.

Колдонмо информатика багытынын башчысы, ф.-м.и.д, профессор, тегерек столду уюштуруу комитетинин төрагасы Бекжан Темиров бүгүнкү иш чара – жогоруда аталган тема боюнча ой-пикирлерди ортого салуу максатында бардык катышуучулар тең укукта катышкан талкуу болору экендиги тууралуу жана тегерек столдун иштөө тартиби боюнча айтып, жыйындын катышуучуларын мындан ары да өтө турган  илимий иштерге бүгүнкүдөй олуттуу мамиле жасоого чакырды.

Ф.-м.и.д.,профессор А.Байзаков жарыш сөзгө чыгып, математика – илимдердин ханышасы экендигин, буга далил катары, атактуу А.Эйнштейн түзгөн белгилүү салыштырмалуу теориясынын математикалык базасын улуу математик А.Пуанкаре түзгөндүгүнө токтолуп, студенттердин илим жаатында ийгиликке жетүү максатында “Chat GPT” жасалма интеллекти колдонууну сунуштады.

Жыйындын жүрүшүндө профессорлор Б.К.Темиров, К.М.Иманалиев, Т.Т.Каракеев,Б.Э.Канетов, А.Б.Байзаковдор жасаган пленардык докладдарда дүйнөгө белгилүү болгон Кыргызстандан чыккан атактуу математиктердин илимий жолу жана УИАнын математика институтундагы илимдин негизги багыттары жөнүндө кеңири маалыматтар берилди.

Кыргызстанда математика илиминин өнүгүшүнүн жана илим катары калыптанышын негизги  этаптарынын бири профессор Я.В.Быков менен байланышкан. Анын жетекчилиги астында физика-математика илимдеринин 40 кандидаты өздөрүнүн диссертацияларын ийгиликтүү коргошкон.

Өнүгүүнүн кийинки этабы дүйнөлүк дээңгелдеги окумуушту, КР УИАнын академиги жана СССР илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти М.И.Иманалиевдин илимий ишмердүүлүгү, туундунун алдында кичи параметр камтыган интегро-дифференциалдык теңдемелердин теориясынын маселелерин чечүү жана алынган илимий жыйынтыктарды башка илимдердин түрдүү тармактарында колдонууга багытталган.

Мамлекеттибизде математика илиминин өнүгүүсүндөгү дагы бир маанилүү этап катары илимпоз, профессор, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими Л.Е.Кривошеин менен байланышкан.  Ал Кыргызстанда математика илиминин жайылтууга зор салым кошуп, 12 илимдин кандидатын даярдаган.

Факультеттин жана математика илиминин өнүгүүсүндөгү дагы бир маанилүү этабы КР УИАнын академиги ф.-м.и.д., профессор А.А.Бөрүбаев менен байланышкан. Ал бир калыптагы топологиянын өнүгүшүнө баа жеткис, салым кошуп жаңы илимий ачылыштары менен дүйнөгө кыргыз математикасын даңазалап, Борбордук Азияда биринчилерден болуп дүйнөлүк илимий чөйрө тааныган топология жана геометрия боюнча өзүнүн илимий мектебин негиздеди жана калыптандырды.

Иш чаранын соңунда чогулуштун катышуучулары математиканын табият таануудагы ээлеген оорду жана келечеги, математиканы өнүктүүрүсүз эч кандай прогресс мүмкүн эместиги тууралуу кеңири маалымат алышты.

Тегерек столдун жыйынтыгында төмөндөгүдөй резолюция кабыл алынды:

Кыргызстандагы математика илиминин негизги багыттарын жана анын өнүгүшүн чагылдырган Эл аралык илимий-практикалык конференцияны математика жана информатика факультетинин базасында 2024-жылдын 10-20-сентябрь аралыгында уюуштуруу. Программалык жана жумушчу топтордун курамын тактоо. Малыматты таратуу, чогултуу топторунун негизги иш аракетин тактоо. Конференциянын талаптарын, негизги даталарын аныктоо.

Жыйындын соңунда факультет деканы Изат Усенов уюштуруу комиттетинин жасаган иш-аракетине ыраазычылык билдирип, мамлекеттүүлүктүн 100 жылдыгын майрамдоо алкагында өткөрүлгөн иш-чара тегерек стол менен гана чектелбестен, мындан ары конференциялар менен уланарын билдирди.

(С) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча декандын орун басары, ф.-м.и.к., доцент

Добавить комментарий