Ош шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүүсүндөгү негизги багыттар” деген темада жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын арасында студенттик илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Иш чаранын пленардык отуруму чоң жыйындар залында өтүп, келип түшкөн докладдар тематикаларына жараша бөлүштүрүлүп, андан аркы иштер секцияларда улантылды.
Конференциянын негизги максаты: Кыргыз мамлекетинин калыптануу тарыхын укуктук жана саясий жактан өнүгүү жолдору, санариптештирүүнүн заманбап технологияларын колдонуу менен бирге Кара-Кыргыз автономиялуу облусунда Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздерин калыптандыруу аркылуу, заманбап Кыргызстандын эл аралык аброюн изилдөө менен келечек ээлери болгон билимдүү студенттерди илим жолуна тартуу.
Илимий-практикалык конференцияга ОшМУ, ОшТУ, КӨЭАУ, ОшМПУ, РМСУ, ЖАГУ, Өзгөн Эл аралык технологиялык жана билим берүү институту, Мурас инновациялык колледжинен жалпысынан 105 доклад катталды.
Илимий конференция төмөнкүдөй 5 секцияда иш алып барды.
- «Педагогиканын өнүгүүсү – коомдо жасалма интелектуалдык цивилизациянын учурунда» (жалпы 29 доклад);
- «Мамлекеттин өнүгүүсүнө санариптештирүүнүн тийгизген таасири: социалдык көз карандуулук» (15 доклад);
- «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүүсүндөгү негизги багыттар» (20 доклад);
- “Бүгүнкү Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүү тенденциялары жана перспективалары” (21 доклад);
- «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун укуктук жана саясий өнүгүү жолдору» (20 баяндама жасалды).
Конференциянын соңунда төмөнкүдөй резолюция кабыл алынды.
- Жашыл экономиканы жайылтуу күнүмдүк турмушта колдонууну өркүндөтүү максатында эс алуу жана коомдук жайларда таштандыны сорттоочу атайын урналарды коюу жана жайылтуу; ар бир мекемеге бул сунушту ишке ашыруу үчүн милдеттендирүү жана көзөмөлдөө сунушталсын; (Ош шаарынын мериясына жана ”Ош -Тазалык” муниципалдык ишканасына).
- “Тарыхсыз эл болбойт, тамыры болбой жер болбойт” ураан алдында илимий-практикалык конференцияларды, КВНдерди, конок лекцияларды кербен сыяктуу жылына 1 жолу өткөрүп туруу сунушталсын; (Түшүк регионундагы ЖОЖ жана ОКББМ).
- Үй-бүлөлүк жана жаш өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктун алдын алуу үчүн ЖОЖдор арасында видео-роликтерди, анимациялык мультфильмдерди кыргыз тилинде тартуу сынагын жарыяласын жана алдынкы видео-роликтерди, мультфильмдерди интернет желелерине, телевиденияларга көрсөтүүгө сунушталсын. (Ош шаардык ички иштер башкармалыгы, социалдык коргоо мекемелери жана бейөкмөт уюмдар).
- Кибербуллинге кабылбоонун алдын алуу максатында мектеп курагындагы балдарга түшүндүрүү иштерин жана тарбиялык сааттарды өткөрүү сунушталсын. (Ош шаардык билим берүү мекемелери).
(С) Садырбаев Бактыбек – инженер-программист