Азиянын эң мыкты университеттеринин жаңы рейтинги QS Asia University Ranking 2026 жарыяланып, анда Кыргызстандын 6 жогорку окуу жайы татыктуу орундарды ээледи:

  • Кыргыз-Түрк “Манас” университети (230-орун). Өткөн жылы да ушул орунду ээлеген.
  • Борбор Азиядагы Америка университети (262-орун). Өткөн жылы 260-орунду ээлеп, быйыл 2 позицияга төмөндөгөн.
  • Ош мамлекеттик университети (316-орун). Өткөн жылы 260-орунду ээлеп, быйыл 56 позицияга төмөндөгөн.
  • Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (391-орун). Өткөн жылы 381-орунду ээлеп, быйыл 10 позицияга төмөндөгөн.
  • Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия-Славян университети (450-орун). Өткөн жылы 333-орунду ээлеп, быйыл 117 позицияга төмөндөгөн.
  • Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (467-орун). Өткөн жылы 381-орунду ээлеп, 86 позицияга төмөндөгөн.

Эгер өткөн жылы рейтингге Азиянын 984 жогорку окуу жайы катышып, быйыл алардын саны 1526га (+542) жеткенин жана башка жогорку окуу жайлардын рейтинги 56 (ОшМУ), 86 (КМТУ) жана 117 (КРСУ) позицияга төмөндөгөнүн эске алсак, Улуттук университет бул рейтингде татыктуу орунду ээлегени байкалып турат.

Добавить комментарий