2025-жылдын 10–17-ноябрында М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин окутуучу-профессорлору Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине иш сапары менен келип, гуманитардык жана тарых багыттагы студенттер үчүн мазмундуу, кызыктуу лекцияларды окушту. Алар о.э. «ЖОЖдордо жана мектептерде тарыхты окутуунун актуалдуу маселелери» аттуу окуу-методикалык семинар өткөрүшүп, заманбап окутуу ыкмалары, инновациялык педагогикалык жолдор, билим берүү процесстеринин санариптешүүсү жана студенттердин кызыгуусун арттыруунун натыйжалуу формалары тууралуу кеңири талкуу жүргүзүштү.

Иш сапардын маданий-билим берүү программасынын алкагында ОшТУнун окутуучулары Кыргызстандагы маанилүү тарыхый жайларды — «Ата-Бейит» мемориалдык комплексин жана Бурана мунарасына барып зыярат кылышты. Бул сапар конокторго өлкөнүн тарыхый-маданий мурастары менен жеринен таанышууга, өткөнгө болгон урмат-сыйды терең сезүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Программанын онлайн-бөлүгү 2025-жылдын 18-ноябрынан 10-декабрына чейин улантылып, ОшТУнун окутуучулары аралыктан лекцияларды, мастер-класстарды жана консультацияларды өткөрүшөт.  Бул өз ара билим жана тажрыйба алмашууга, биргелешкен илимий-окутуучулук ишмердиктин кеңейишине өбөлгө түзүүдө.

Мындай демилгелер жогорку окуу жайларынын ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди бекемдеп, гуманитардык билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана окутуучулардын кесиптик чөйрөсүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Коомдук илимдер кафедрасы:

  • Бекмурзаева Гульжамал Койчубаевна – кафедранын башчысы, т.и.к., доцент;
  • Осмонов Сатимбай Маматович – т.и.к., доцент
  • Абдыразакова Зарипа Матисаковна – т.и.к., доцент
  • Жакиев Алмазбек Амангелдиевич – окутуучу.

Гуманитардык-технологиялык колледжинин укук жана социалдык иш ПЦБ бирикмеси:

  • Марасулова Нурила Абдуваповна — т.и.к., доцент;
  • Тагаев Бекзат Аралбекович — т.и.к., ага окутуучу;
  • Абдувапова З.У. – ага окутуучу;
  • Абдрасулов Эрнис Анарбаевич — окутуучу.

Добавить комментарий