2025-жылдын 11-ноябрында Россия Федерациясынын борбор шаары Москвада “Өзгөрүп жаткан дүйнөдө медианын өнүгүшү” аттуу эл аралык медиафорум болуп өттү. Ага Кыргызстандын атынан “Кабар” Улуттук маалымат агенттигинин директору М.Шерметалиев, журналист, жазуучу Д.Каримов жана Sputnik Кыргызстан радиосу менен КУУнун журналистика жана коммуникация институтунун өкүлдөрү катышты. Аталган масштабдуу, салмактуу иш-чара “Россия сегодня” эл аралык медиатоптун демилгеси менен бир катар жылдардан бери уюштурулуп келет.

Эл аралык маанидеги медиафорумдун алкагында “Заманбап ММКнын чакырыктары жана өсүү чектери” деген аталышта пленардык жыйын өтүп, андан кийин бир нече сессиялар каралган. Алар:

  • “Медиа рынок: жаңы муунга багыт ”;
  • “Медиа этика: миф же чындык”;
  • “Медиатехнологиялар: ИИ практикада”;
  • “Медиа укук: санариптик чындык”.

Белгилей кетсек, аталган форумдун пленардык отурумунда “Россия сегодня” эл аралык медиа тобунун башкы директору Дмитрий Киселев, News Media Holdingдин башчысы Максим Иксанов, Россия Федерациясынын Санариптик өнүгүү, байланыш жана массалык коммуникациялар министрлигинин массалык коммуникацияларды өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтык департаментинин директору Екатерина Ларина, КМШнын аткаруу комитетинин басма сөз кызматынын жетекчиси Светлана Малинина, “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин директору М.Шерметалиев баяндама жасашты.

Пленардык жыйындын жүрүшүндө спикерлер заманбап медиа чөйрөсүнүн абалына кеңири талдоо жүргүзүшүп, санариптик доордо журналистиканын жаңы багыттары, аудиториянын өзгөргөн жүрүм-туруму жана маалымат керектөө маданияты тууралуу баалуу ойлорду ортого салышты.

Айрыкча жасалма интеллекттин (ИИ) пайда болушу менен медианын өнүгүшү, анын кооптуу жана коопсуз жактары, журналисттик кесиптин келечеги боюнча кызуу пикир алмашуулар болду. Кээ бир катышуучулар ИИнин мүмкүнчүлүктөрүн «журналисттин жардамчысы, бирок орду баса албаган куралы» деп белгилешсе, башкалары анын манипуляция жана фейк контент таратуудагы тобокелдиктерин баса белгилешти.

Ошондой эле, талкууларда жаңы муун журналисттерин тарбиялоо, санариптик сабаттуулукту өнүктүрүү жана билим берүү системасын медиа-инновацияларга ылайык жаңылоо маселелери да көтөрүлдү.

Спикерлердин айтымында, маалымат агымынын ылдамдыгы жана технологиялык өнүгүү шартында сын ой жүгүртүү, фактчекинг жана этикалык жоопкерчилик журналисттер үчүн эң негизги көндүмдөр болуп калды.

Пленардык сессиянын соңунда катышуучулар ММКнын келечеги — жоопкерчиликтүү, технологиялык жана адамга багытталган журналистика экенин баса белгилешти. Форумдун жыйынтыгы боюнча бир катар сунуштар иштелип чыгып, маалыматтык коопсуздукту жана этиканы чыңдоо багытында эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү чечими кабыл алынды.

(С) П.Джаныбекова – адис

Добавить комментарий