2024-жылдын 20-майында химия жана химиялык технология факультетинде аспиранттардын жана магистранттардын илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Жыл сайын өткөрүлүүчү иш чараны факультеттин деканы Роза Сарымзакова ачып берди.

Факультеттин профессордук-окутуучулук курамы катышткан конференцияда аспирант-магистранттар илимий иштеринин жыйынтыктарын көрсөтүп, кызыктуу баяндамаларды жасашты. Катышуучулар тарабынан суроолор берилди, баяндалган актуалдуу темалар кызуу талкууланып, конференция жогорку деңгээлде ѳттү.

(С) Джунушалиева А.К. – илимий иштер боюнча декандын орун басары, доцент; Осмонова С.С. – тарбия иштери боюнча декандын орун басары, доцент

Добавить комментарий