2025-жылдын 14-ноябрында Физика жана электроника факультети Улуттук университеттин 100 жылдыгы жана Кванттык илим жана технологиянын 100 жылдыгына карата «Физика, табигый илимдер жана табигый-илимий билим берүүнүн маселелери» аттуу эл аралык конференция өткөрдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынан, жогорку окуу жайларынан жана Казакстандын Актөбе шаарындагы К.Жубанов атындагы университеттен өкүлдөр катышышты.
Конференцияны КУУнун илимий иштер боюнча проректору Мырзабек Камчыбек уулу ачып, Улуттук университеттин Физика жана электроника факультетинен илимдин академиктери, корреспондент-мүчөлөрү (Жаныбек Жээнбаев, Советбек Токтомышев, Аманбек Жайнаков, Мустафа Кидибаев, Өзгөрүш Шаршекеев, бүгүн дагы арабыздагы Эсенбек Мамбетакунов, Рая Султаналиева ж.б.) даярдалып чыкканын белгиледи. Ал о.э. КУУнун QS рейтингин көтөрүүдө физика факультетинин окумуштууларынын салымы чоң экендигин билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө пленардык докладдар жасалып, суроо-жооптор менен уланды. Анда факультеттин сырткы байланыштарынын өнүгүп жаткандыгы, эл аралык бирдиктүү долбоорлор иштелип жатканы тууралуу айтылды.
Түштөн кийин конференциянын иши 4 секцияга бөлүнүп, кванттык физиканын тереңдетилген темалары боюнча талкуулар жүрдү. Белгилей кетсек, Бириккен Улуттар Уюму 2025-жылды Кванттык илим жана технологиянын эл аралык жылы деп жарыялаган.