2024-жылдын 15-май  күнү  Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейнде  өтүп жаткан “Эбегейсиз ушул күндө, этникалык кыргыз дүйнө” аттуу эл аралык кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүнө кафедарынын  “Этнография” жана  “Музеология, табигый маданий мурастарды сактоо багытынын”  магистрат,  студенттери катышып келишти. Ошонун иш алкагында Улуттук Тарых музейнде Улуу Памирден келген Ван кыргыздарынын кол өнөрчүлүгү, улуттук кийимдери боюнча көргөзмө даярдалып жатат. Ошол эле институттун этнографтары т.и.д., профессор Бикбулатова,  т.и.к.  доц. Султаналиева Н.И., ага окутуучу Сайпидинова К.С.  жетектеп алып барышты. Магистрант   Алыбаева Салтанат да катышты. Бул иш чарадан Улуу Памирден келген Ван кыргыздарына жолугушуп баарлашып   көптөгөн  баалуу маалыматтарды чогултушту. Этникалык кыргыздардын бизге чейин сакталып келген кыргыз мурасын чогултуу боюнча этнографиялык сурамжылоо жүргүзүлдү. Ошону менен бирге муундан мууунга мурас болуп келе жаткан кыргыз элинин улуттук баалуулуктарынын өнөрчүлүктү (узчулук, чеберчилик, устачылык, булгаарычылык ж.б.) сактоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу студенттерге баалуу бай маалымат берилди.

(С) Сайпидинова К.С. – архелогия, этнография, булактаануу жана тарыхнаама кафедрасынын ага окутуучусу

Добавить комментарий