“Дүйнөлүк иероглиф жарышы” быйыл 2-ирет уюштурулуп жатат. Дүйнөнүн төрт бурчунан  50дөн ашуун мамлекеттен 2000ден ашуун мектеп окуучулары катышты. Сынакка катышкан балдар Кытай тили жана маданиятына болгон сүйүүсүн түрдүү жолдор менен көрсөтүштү.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун алдындагы Конфуций институна караштуу Борбор жана Класстардын окуучулары да катышты. Окуучуларыбыз жиберген эмгектер түрдүү орундарга ээ болду. Баса белгилей кетчү нерсе окуучуларыбыз Жапарова Аяна жана Жумабаева Регина баш байгеге ээ болушту, Урпудинова Элзат 1-орунга ээ болушту, башка дагы көптөгөн окуучуларыбыз активдүү катышкандыктары үчүн сыйланышты. Аталган окуучулар ушул жылдын июль айында Кытайдын Сиань шаарына атайын лагерге катышып кайтышат. Жарышка даярдаган мугалимдерге да атайын грамоталар тапшырылды.

(С) Калыкова Нургул – Конфуций институтунун волонтеру

Добавить комментарий