2024-жылдын 8-апрелинде КУУнун Каракол шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетин программалык аккредитациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Сапатты аккредитациялоо жана рейтинг агенттигинин (САРА) тышкы эксперттик комиссиясынын (ТЭК) иши башталды.

Аккредитациялоо процедурасына аталган факультеттин 030503 «Юриспруденция» адистиги боюнча орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программасы катышат.

Бул күнү санариптик жана инновациялык технологиялар борборунда ТЭК мүчөлөрү КУУнун жетекчилиги, окуу түзүмдүк бөлүмдөрү жана аккредитацияга жооптуу адамдар менен жолугушту.

Онлайн жолугушууну окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов ачып, сөздү САРАнын директору, э.и.д., профессор Б.А.Токсобаевага берди.

Бактыгүл Асановна катышуучулар менен саламдашып, аккредитациялоо процедурасын үзгүлтүксүз өзүн-өзү баалоо, билим берүү уюмдарын жана билим берүү программаларын өркүндөтүүгө дем берүүчү факт катары кароо керектигин белгиледи. Аймактарды өнүктүрүү жалпы мамлекеттин, анын ичинде КУУнун өнүгүү стратегиясынын артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп саналат. Ал Каракол шаарындагы факультеттин ишине баа берүү мүмкүнчүлүгүн түзүп бергендиги үчүн КУУнун жетекчилигине ыраазычылык билдирип, тышкы эксперттик комиссиянын мүчөлөрүн жыйындын катышуучуларына тааныштырды:

  • Турсунбаева Назира Сартбаевна – юридика илимдеринин кандидаты, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык жана конституциялык укук кафедрасынын доценти, комиссиянын төрагасы;
  • Бердибаев Руслан Жанышбекович – милициянын полковниги, КМО СС ИИБ начальниги, комиссиянын мүчөсү;
  • Танабаев Кайрат Жыргалбекович – К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин экономика, туризм жана тарых факультетинин 3-курс студенти, комиссиянын мүчөсү;
  • Токсобаева Бактыгүл Асановна – экономика илимдеринин доктору, профессор, Сапатты аккредитациялоо жана рейтинг агенттигинин директору;
  • Эсенгулова Нургуля Айтбаевна – ф.и.к., доцент, референт, Сапатты аккредитациялоо жана рейтинг агенттигинин директорунун орун басары.

Улуттук университеттен онлайн-жолугушууга төмөнкүлөр катышты:

  • Окуу башкармалыгынын начальниги, п.и.к., доцент А.Т.Кыдыралиев;
  • Окуу башкармалыгынын начальнигинин орун басары Л.К.Курманалиева;
  • Билим сапаты, мониторинг, аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы жана башкы адистери Г.Ш.Бузурманкулова, Н.В.Храмцова, А.Ы.Иманходжаева;
  • Каракол шаарындагы КУУнун гуманитардык-табигый илимдер факультетинин деканы жана кафедра башчылары Т.Э.Кылчыкбаев, Т.Т.Раева, Г.В.Соколова.

Окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов билим сапаты – билим берүүнүн приоритеттүү багыттарынын бири экенин, ал эми аккредитация – Улуттук университетте жүргүзүлүп жаткан реформалардын сапатын баалоонун куралы экендигин баса белгиледи жана тышкы эксперттик комиссиянын мүчөлөрүн университетте жана факультетте ишке ашырылып жаткан билим берүү программалары тууралуу видеороликти көрүүгө чакырды.

Андан кийин эксперттер тарабынан жетекчилерге университеттин стратегиялык өнүгүүсү, социалдык жана каржылык саясаты ж.б.у.с. бир катар суроолорду берилип, аларга тиешелүү жооптор берилди.

Жыйындын соңунда аккредитация өткөрүү боюнча алдыдагы эки күндүк программа аныкталды. Жолугушуу чыгармачылык жана иштиктүү мүнөздө өттү.

(С) Н.В.Храмцова – Билим сапаты, мониторинг, аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн башкы адиси

Добавить комментарий