2024-жылдын 8-апрель күнү окуу иштери боюнча проректор Жеӊиш  Бексултанов Япониянын Metrarise компаниясынын чакыруусу менен кайра жаралуучу энергиянын заманбап булактарын изилдөө жаатында кызматташуу үчүн күн чыгыш өлкөсүнө сапар алып бара жаткан физика жана электроника факультетинин электроника жана наноэлектроника кафедрасынын лаборанты Элдияр Токторбаев менен техникалык физика кафедрасынын лаборанты Азамат Атанаевди, о.э. физика жана электроника факультетинин деканы Самат Токтогоновду кабыл алды.

Проректор тажрыйба алмашууга кетип жаткан лаборанттарды Японияга аман-эсен барып, пайдалуу билим, мол тажрыйба алып келишин кааалады.

Факультет деканы Самат Токтогонов теория менен практиканы айкалыштырып, жаңы технологияларды колдоно билген жогору квалификациялуу адистерди даярдоого, факультеттин аброюн көтөрүүгө аракеттер көрүлүп, проекттер изделип жатканын билдирип, тажрыйба алмашууга кетип жаткан кесиптештерине ийгилик каалады.

Жолугушууга о.э. окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев катышты.

Белгилей кетсек, Элдияр Токторбаев менен Азамат Атанаев 9-апрелден тартып 26-апрелге чейин Япониянын Сидзуока префектурасында япон тарап менен биргеликте илимий-изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Барып-келүүгө билеттер, жатакана жана тамак-аш япон тараптан камсыздалат.

Добавить комментарий