Борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча Бишкек мэриясы тарабынан жарыяланган эки айлыктын алкагында жана административдик-чарба иштери боюнча проректор Б.К.Айтахуновдун 26-мартта кол койгон буйрутмасынын негизинде 2024-жылдын 6-апрель күнү Кыргыз улуттук университетинин бардык түзүмдөрүндө ишембилик өткөрүлдү.

Институттардын, факультеттердин, колледждердин студенттери түзүм жетекчилери менен биргеликте, ал эми жатаканда жашаган студенттер коменданттар менен чогуу өздөрүнө бекитилген тилкелерде тазалоо иштерин жүргүзүшүп, ал жердеги арыктарды тазалап, бак-дарактарды акташты.

Бул ишембиликте ректор Төлөбек Абдырахманов баш болгон бардык проректорлор, институттардын директорлору, факультеттердин декандары, каржы, чарба бөлүмдөрүнүн түзүм жетекчилери башкы имараттын, 8,9-имараттардын алдына ар түрдүү дарактар менен бадалдардын көчөттөрүн отургузушту.

Окуу имараттары менен жатаканалардын коменданттары ишембиликке чыккан студенттер менен кызматкерлерди чарба жабдуулары менен камсыз кылышты.

№5-жатаканада жашаган бүтүрүүчү курстардын студенттери жатакананын айланасына 8 туянын көчөтүн отургузушту.

10 жана 11 окуу имараттарында ишембилик юридикалык колледж тарабынан өткөрүлдү.

Юридикалык институттагы ишембилик

Добавить комментарий