2024-жылдын 2-апрель күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Улуттук университеттин 600200 «Туризм», 720200 «Биотехнология», 700800 «Техникалык физика», 690100 «Электроника жана наноэлектроника», 550300 «Филологиялык билим берүү», 700400 «Сапатты башкаруу (тармактар боюнча)», 571200 «Музей таануу, маданий жана табигый мурас объектилерин сактоо» багыттары боюнча магистрлик программаларын; 571200 «Музей таануу, маданий жана табигый мурас объектилерин сактоо», 710500 «Интернет технологиялар жана башкаруу», 530100 «Философия» багыттары боюнча бакалаврдык программаларын жана 050303 «Чет тили» багыты боюнча орто кесиптик билим берүү программаларын улуттук аккредитациялоо боюнча тышкы эксперттик комиссиянын жыйынтыктоочу отуруму болуп өттү.

Жыйынды Кыргыз Республикасынын «Билим-Стандарт» көз карандысыз аккредитация агенттигинин директору Эрик Эсентаев ачып, КУУнун магистрлик, бакалаврдык жана орто кесиптик билим берүү программаларына баа берүү боюнча түзүлгөн тышкы эксперттик комиссия өз ишин аяктаганын кабарлады. Анын айтымында, комиссия мүчөлөрү эки күн бою окуу жайдын бардык окуу түзүмдөрүндө болуп, ал жердеги студенттер, магистранттар, бүтүрүүчүлөр, окутуучулар жана социалдык өнөктөштөр болгон иш берүүчүлөр менен жолугушту, документтер менен таанышты. Андан ары Эрик Эсентаев аткарылган иштердин жыйынтыгы катары эксперттик комиссиянын бүтүмү даярдалганын билдирип, аны угузуу үчүн сөз кезегин эксперттик комиссиянын мүчөлөрүнө берди.

Алар Улуттук университеттин өзгөчө статус алгандыгы окуу процессинде, илим жаатында, материалдык-техникалык камсыздоонун жана инфраструктуранын өзгөрүшүндө көрүнүп тургандыгын; жакшы жакка өзгөрүүлөр “короого чыкканда эле” байкалып тургандыгын белгилеп, андан ары институттар, факультеттер жана кесиптик колледждеги жетишкендиктер, ийгиликтер менен катар айрым сунуштарын да айтышты.

Жыйындын соңунда «Билим-Стандарт» агенттигинин директору Эрик Эсентаев сөз алып, комиссия мүчөлөрү тарабынан Улуттук университеттин жогоруда айтылган билим берүү программаларынын баарын 5 жылдык мөөнөткө аккредитациялоо тууралуу чечим кабыл алынганын билдирди.

Ректор Төлөбек Абдырахманов Кыргыз Республикасынын «Билим-Стандарт» көз карандысыз аккредитация агенттигинин тышкы эксперттик комиссиясынын мүчөлөрүнө эки күн бою аткарган иштери үчүн терең ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады жана март-апрель айларында өткөрүлгөн эл аралык, улуттук аккредитация Улуттук университеттин өсүп-өнүгүшүнө чоң салым кошоорун белгиледи.

Добавить комментарий