Борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча Бишкек мэриясы тарабынан жарыяланган эки айлыктын алкагында жана административдик-чарба иштери боюнча проректор Б.К.Айтахуновдун 26-мартта кол койгон буйрутмасынын негизинде 2024-жылдын 30-март күнү Кыргыз улуттук университетинин бардык түзүмдөрүндө ишембилик өткөрүлдү.

Институттардын, факультеттердин, колледждердин студенттери түзүм жетекчилери менен биргеликте, ал эми жатаканда жашаган студенттер коменданттар менен чогуу өздөрүнө бекитилген тилкелерде тазалоо иштерин жүргүзүштү. Оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү участогунун кызматкерлери башкы имарат менен 8-имараттын ортосундагы тротуарды бойлото жашыл тосмо катары 500 түп “Бирючина” деп аталган бадалдын көчөттөрүн отургузушту.

Окуу имараттары менен жатаканалардын коменданттары ишембиликке чыккан студенттер менен кызматкерлерди чарба жабдуулары менен камсыз кылышты.

Белгилеп кетчү нерсе – окуу жайдын аймагын кыш бою чогулган таштандылардан тазалоо боюнча ыктыярдуу иш чарага бул жылы биринчи жолу медицина факультетинде окуган чет өлкөлүк студенттер да катышты.

Добавить комментарий