2024-жылдын 2-март күнү ректор Төлөбек Абдырахманов 25-30-март күндөрү Ош шаарында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары арасындагы чемпионатта ийгилик жаратып келген КУУнун студенттерин кабыл алды.

Жыйындын башында жаштар саясаты жана спорт боюнча департементтин директору Кадыр уулу Алмаз менен факультеттер аралык  дене тарбия жана спорт кафедрасынын башчысы Шаршен Абдыкеримов ректорго аталган мелдеште байгелүү орундарды алып келген спортчулар тууралуу маалымат беришти. Андан соң, Төлөбек Абдырахманов жеңишке умтулган спортчуларды дайыма колдоорун билдирип, “Силердин жеңишиңер менен бүтүндөй Улуттук университет сыймыктанат, силер окуу жайыбыздын жүзүсүнөр”, – деди жана алдыдагы мелдештерде ийгилик каалап, машыктыруучуларга да ыраазычылыгын айтты.

Эскерте кетсек, Оштогу чемпионатка жалпысынан 21 студент, 3 машыктыруучу катышып, аларды ЖСжС департаментинин дене тарбия жана спорт боюнча бөлүмүнүн башчысы Санжар Турсуналиев жетектеп барды.

Тогуз коргоол

  • Кыздар командасы: 1-орун (35 миң сом акчалай сыйлык). Курамы: Бакенова Айпери, Турдубаева Саадат, Бактыбек кызы Салтанат жана Рысбекова Алтынай;
  • Балдар командасы: 2-орун (30 миң сом акчалай сыйлык). Курамы: Сыргак уулу Сырттан, Абдыкаров Баястанбек, Кенжебаев Бексултан жана Юсумбеков Улан.

Машыктыруучусу – Султанмуратова Нурия

Бокс – 2-орун (30 миң сом акчалай сыйлык). Команданын курамы:

  • Качкынбеков Адилет – юридикалык институт, 1-курс (54кг);
  • Алиев Баяман – юридикалык институт, 3-курс (57кг);
  • Мирбеков Бакыт – юридикалык институт, 3-курс (57кг);
  • Султанов Чынгыз – юридикалык институт, 3-курс (60кг);
  • Есембаев Эльдар – юридикалык институт, 1-курс (63,5кг);
  • Рустамкул уулу Ырыскелди – физика жана электроника факультети, 2-курс (75кг).

Машыктыруучусу – Боронбаев Кубанычбек

Шахмат

  • Балдар командасы: 3-орун (25 миң сом акчалай сыйлык). Курамы: Сьездбеков Руслан, Элисбек уулу Акай жана Сыдыков Акбар;
  • Кыздар командасы: 5-орун. Курамы: Нурбекова Рахима, Мамайкулова Айчүрөк жана Аскарбекова Алия.

Машыктыруучусу – Базакев Түгөлбай

(С) Турсуналиев Санжар – дене тарбия жана спорт боюнча бөлүм башчысы

Добавить комментарий