2024-жылдын 26-январында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”, “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыктарын жана “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгын жүзөгө ашыруу максатында, о.э. Ч.Айтматовдун 95, Т.Айтматовдун 120, “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын 10 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде эмгектенип жаткан мугалимдеринин арасында өткөрүлгөн онлайн кароо-сынакты жыйынтыктоо аземи болду.

Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен өткөрүлгөн иш-чара “Мугалим” илимий-педагогикалык журналы жана И.Ч Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту (ПКМДИ) тарабынан уюштурулду.

Кароо-сынакка интеллектуалдык потенциалы бийик, тажрыйбалуу, таланттуу, ар тараптан өздөрүнүн чыгармачылыгы менен айырмаланган 43 мугалим катышкан.

Салтанаттуу иш-чарага келген Айтматов таануучу мугалимдерди жана сынактын финалисттерин Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов өзү кабыл алып, аларды жеңиши менен куттуктады. Ректор И.Ч Исамидинов атындагы ПКМДИ жана “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын ишмердүүлүгү тууралуу жылуу пикирлерин айтып, аталган саамалыкты уюштуруп жана өткөрүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал о.э. болочок мугалимдерди даярдап жаткан бул институт жана мындан аркы мерчемделген иш-аракеттерге токтолуп кетти. Төлөбек Абдырахманов иш берүүчүлөр менен биргелешкен мындай демилге заманбап мугалимди даярдоого, азыркы иштеп жаткан мугалимдердин кесиптик сапатын көтөрүүгө карата чоң аракет экендигин белгилеп, жети дубандан келген мугалимдерге ак жол, иштерине ийгилик каалады.

Салтанаттуу аземдин ачылышында И.Ч. Исамидинов атындагы ПКМДИнин директору, п.и.д., профессор, “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын башкы редактору Рахат Сулайманова Кыргызстандын бардык облустарынан келген мыкты мугалимдерди болочокто мугалим болом деген студенттер көрүп, таасир, үлгү алышып жаткандыгын сыймыктануу менен белгилеп, “Мугалимдик кесиптин аброюн, зоболосун көтөрүү, даңазалоо биздин башкы максатыбыз” деген ойго улай сынактын жалпы катышуучуларына жылуу каалоо-тилегин арнады.

Сынак ноябрь, декабрь айларында онлайн режимде 2 этап, 6 багыт менен өткөрүлдү.

Биринчи этаптын багыттары:

  1. Мугалимдер үчүн тесттик тапшырма. Тест Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгын, аңгемелерин камтып 30 суроодон турду. Тапшырма убактысы 35 мүнөт болуп, жалпы 50 упай берилди.
  2. Көркөм окуу (50 упай). Ч.Айтматовдун чыгармаларынан көркөм окуп, видеого тартып, иштеген мекемесинин же өздүк ютуб каналына жүктөп, шилтемесин уюштуруу тобуна жиберген. Бул багыт боюнча эки мугалимге “Айтматов ааламындагы чыгармачыл мугалим-2023” диплому тапшырылды.
  3. “Айтматов ааламындагы мугалим” темасында эссе жазуу (50 упай). Бул багыт боюнча эки мугалимге “Мыкты эссе” диплому тапшырылды.

Экинчи этаптын багыттары:

  1. Ч.Айтматовдун повесттери боюнча тесттик тапшырма (50 упай). Убактысы 35 мүнөттөн турду.
  2. Ч.Айтматовдун романдары боюнча тесттик тапшырма (50 упай). Убактысы 35 мүнөттөн турду. 3 тесттин жыйынтыгында эң жогорку упайды топтогон эки мугалимге (Баш байге, 1-5-орундардан башка) “Айтматов ааламындагы билимдүү мугалим-2023” диплому тапшырылды.

Сынактын жүрүшүндөгү ар бир тапшырма көз карандысыз калыстар тобу тарабынан бааланды. Калыстардын курамы педагог-окумуштуулар, жаӊычыл, чыгармачыл мугалимдерден түзүлгөн.

Сынактын катышуучуларына төмөндөгүдөй наамдар жана сыйлыктар берилди:  

Сынактын Баш байгесин жана “Айтматов ааламындагы мугалим-2023” наамын Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы Боогачы атындагы мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Урмат Саалаев жеӊип алып, эң жогорку даражадагы диплом, “Мугалим” төш белгиси жана 16000 сомдук уюлдук телефон менен сыйланды.  Жеӊүүчү «Мугалим» илимий-педагогикалык журналынын «Мугалимдин имиджи» рубрикасына  чагылдырылат.

1, 2, 3-орунга чыккан эжей-агайлар өз-өзүнчө аныкталды. Эжейлер арасында төмөнкү мугалимдер байгелүү орундарды багындырып, төмөнкүдөй сыйлыктарга ээ болушту:

1-орун: Ысык-Ата районундагы “Алтын Уя”  мектебинин мугалими Гүлзада Осокеева (“Айтматов ааламындагы мугалим-2023” наамы жана I даражадагы диплом, статуэтка жана төш белги, планшет);    

2-орун: Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы Боогачы атындагы орто мектебинин мугалими Гүлзат Ибраева (“Айтматов ааламындагы мугалим-2023” наамы жана II даражадагы диплом, статуэтка жана төш белги, Айтматовдун 8 томдугу);

3-орун: Манас районундагы Ш.Кочорбаев атындагы орто мектебинин мугалими Гүлбарчын Төлөгөнова (“Айтматов ааламындагы мугалим-2023” наамы жана  III даражадагы  диплом, статуэтка жана төш белги, смарт саат).

Ал эми агайлар арасында байгелүү орундарды төмөнкү мугалимдер камсыз кылышты.:

1-орун: Кочкор районундагы  Ш.Рысмендеев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Болот Бообек уулу (“Айтматов ааламындагы мугалим-2023” наамы жана I даражадагы диплом, статуэтка жана төш белги, планшет);

2-орун: Кара-Балта шаарындагы Жайыл Баатыр атындагы лицейдин мугалими Орозбек Шакирали уулу (“Айтматов ааламындагы мугалим-2023” наамы жана II даражадагы диплом, статуэтка жана төш белги, Айтматовдун 8 томдугу);

3-орун: Лейлек районунан келген Калыйнур Зулпукаров (“Айтматов ааламындагы мугалим-2023” наамы жана  III даражадагы  диплом, статуэтка жана төш белги, смарт саат).

4-5-орундарга диплом, кызыктыруучу сыйлыктар (китептер) тапшырылды.

Бардык катышуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар, сынакка катышкандыгы тууралуу сертификат, Ардак грамота, “Айтматов ааламындагы мугалим-2023” наамы ыйгарылды.

Айтматов таануучу республиканын эң мыкты мугалимдерин сыйлоо салтанатын Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун тарбиялануучулары, “Таберик” балдар музыкалык театры, “Юлдуз” бий ансамбли, белгилүү ырчылар шаңга бөлөдү. Бул күн мугалимдер үчүн чыныгы майрам болду.

(С) Рахат  Сулайманова – И.Ч. Исамидинов атындагы ПКМДИ директору, “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын башкы редактору, п.и.д., профессор

Добавить комментарий