2024-жылдын 29-январь башкы имараттагы 26-дарсканада КР Президентинин кеңсесине караштуу «Мурас» фонду, тарых жана чөлкөм таануу институтунун чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасы, УИАнын Б.Жамгырчинов атындагы тарых, археология жана этнография институту жана “Кыргыз тарых коому” коомдук бирикмеси биргелешип уюштурган “Кыргызстандын заманбап тарых илиминин көйгөйлөрү жана демилгелер” аттуу илимий кереге кеңеш өткөрүлдү.
Иш чарада куттуктоо сөздөрү менен КР Президентинин кеңешчиси, т.и.к. Арслан Капай уулу Койчиев, «Мурас» фондунун төрагасы, т.и.к. К.С.Молдокасымов, УИАнын Б.Жамгырчинов атындагы ТАЭИнин директору, т.и.д., академик Абылабек Асанканов чыгып сүйлөштү.
Кереге кеңештин негизги баяндамачылары: “Кыргыз тарых коому” коомдук бирикмесинин президенти, КУУнун профессору, т.и.д. Тынчтыкбек Чоротегин, УИА ТАЭИнин илимий кызматкери Бакыт Султаналиев, ОшМУнун тарых жана социалдык иштер факультетинин деканы, т.и.к. Бакыт Султаналиев жана АКШда илимий сапарда жүргөн тарыхчы, PhD Абдрасул Исаков болду.
Тарыхчылар А.Арзыматова, М.Кожобеков, К.Табалдыев, Ж.Өмүрова, А.Жапаров, Р.Жолдошов, М.Иманкулов, О.Солтобаев, ж.б. чыгып сүйлөштү. Жыйынды тарыхчылар Т.Сырдыбаев менен А.Кубатова алып барышты.
Илимий шеринеге Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү тарыхчылар, археологдор, этнографтар, антропологдор, булак таануучулар ж.б. адистер катышты жана тарых илиминин ар кыл тармактарын өнүктүрүү жаатында өз сунуштарын ортого салышты.
Кереге кеңеш маалында кыргызстандык тарыхчылардын эл аралык кызматташтык аркылуу чет өлкөлөрдө жана өз демилгелерине ылайык Кыргызстанда жарыялашкан жаңы монографиялары жана жыйнактары илим чөйрөсүнө шардана кылынды.
Кереге кеңеш быйылкы жылы жана жакынкы болочокто Кыргызстандагы тарых илиминин ар кыл тармактарын өнүктүрүү жаатында бир катар сунуштарды кабыл алды.
(С) Шаршенбек кызы Айпери – чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын ага окутуучусу