2024-жылдын 25-январында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде академиялык мобилдүүлүк боюнча окуп келген студенттерге ыраазычылык баракчалар жана транскрипттер тапшырылды.
Эскерте кетсек, академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Екатеринбург шаарындагы Урал мамлекеттик университетинде 3 студент, Астана шаарындагы Л.Н.Гумилёв атындагы Евразия улуттук университетинде 9 студент билим алып келишти. Андан тышкары, Урал мамлекеттик университетинде 8 студент онлайн окушту.
Иш чараны факультет деканы Кундузгүл Базакеева ачып, академиялык мобилдүүлүк боюнча билим алып келген студенттерге мактоо сөздөрүн айтып, университетте, анын ичинде факультетте көп мүмкүнчүлүктөр бар экенин, аны колдон чыгарбай чет жактан билим алып келүү – эң туура чечим экенин, эң жакшы инвестиция – бул билимге болгон инвестиция экенин баса белгиледи.
Жыйынга академиялык мобилдүүлүк, билим берүүнүн экспорту жана тармактык магистратура бөлүмүнүн кызматкерлери дагы катышты. Аталган бөлүмдүн башчысы Саадат Шерматова ушул эле университеттер менен чектелип калбастан, дагы башка көптөгөн университеттерге академиялык мобилдүүлүк боюнча жиберүүнүн үстүндө иштеп жатышканы жөнүндө айтып, студенттерге транскрипттерди тапшырды.
Андан сон Екатеринбург менен Астанада окуп келген студенттер сөз сүйлөшүп, ал жактагы кыйынчылыктар жана жетишкендиктер тууралуу айтып, слайд көрсөтүштү. Алар о.э. академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Астанага, Екатеринбургга окууга барууну каалагандар үчүн кандай документтер керек, ж.б. студенттердин кызыктырган суроолоруна жооп берүүгө жана академиялык мобилдүүлүк бөлүмүнө жардам берүүгө даяр экенин билдиришти.
(С) Саадат Шерматова – академиялык мобилдүүлүк, билим берүүнүн экспорту жана тармактык магистратура бөлүмүнүн башчысы