2025-жылдан 14-октябрында Финансыны көзөмөлдөө кызматынын камсыздандыруу ишмердигин жөнгө салуу бөлүмүнүн башкы адиси Сезим Соодокеева менен «Аю Гарант» компаниясынын чекене камсыздандыруу жана аймактык өкүлчүлүктөр департаментинин директору Урмат Эсеналиев Кесиптик колледждин экономика жана финансы бөлүмүнүн 2–3-курс студенттерине «Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногунун мамлекеттик жөнгө салуусу» деген темада конок лекция өтүштү.

Лекция кызыктуу жана пайдалуу өтүп, студенттер камсыздандыруу рыногунун учурдагы абалы, аны мамлекеттик жөнгө салуу механизмдери жана тармактын өнүгүү келечеги тууралуу маанилүү маалыматтарга ээ болушту.

Мындай жолугушуулар студенттердин кесиптик горизонтун кеңейтип, экономика жана финансы тармагындагы келечектеги адистер үчүн практикалык көндүмдөрдү калыптандырууга өбөлгө түзөт.

(С) Шералиева Ж. – окутуучу

Добавить комментарий