Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ош шаарындагы Гуманитардык жана табигый илимдер факультетинин орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Даниел Шаршенов 24-28-июнь күндөрү Филиппиндин борбору Манила шаарында өткөн жаштар арасында самбо боюнча Азия жана Океания чемпионатында 64 кг салмак категориясында алтын медаль жеңип алды.
Эл аралык самбо федерациясынын (FIAS) маалыматы боюнча, анын Сингапурдук атаандашын тизесинен ыргытып жиберүү ыкмасы чемпионаттын эң маанилүү учуру болду.
КУУнун жетекчилиги Даниелди Азия жана Океания чемпионатындагы ийгилиги менен куттуктап, ага чың ден соолук, мындан аркы ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалайт. Биз ушундай мыкты спортчунун Улуттук университетте окуп жатканына сыймыктанабыз. Сиздин жеңишиңиз университеттин бардык студенттерин окуудагы эле эмес, спорттук бийиктиктерге да жетүүгө шыктандырат.