2026-жылдын 19-октябрында 5-окуу корпустун 109 аудиториясында, «Социалдык иш» багытында билим алып жаткан студенттер үчүн «Акыйкатчы институтунун жана социалдык чөйрөдөгү мамлекеттик органдардын балдар укуктары жаатындагы ишмердүүлүгү» аттуу конок лекция өткөрүлдү. Иш-чара социология жана социалдык иштер кафедрасы тарабынан Социалдык кызматкерлер күнүнө карата уюштурулду.

Конок лекцияны Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарынын сакталышына контролдук жүргүзүү бөлүмүнүн эксперти Тажибаев Канзаман Надырбекович жана Укуктук камсыздоо, жыйынтыктап талдоо жана пландаштыруу башкармалыгынын башкы адиси Кадырбек кызы Канышай өткөрүштү.

Лекциянын жүрүшүндө студенттер Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун жана социалдык чөйрөдөгү мамлекеттик органдардын балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багытындагы ишмердүүлүгү менен таанышышты. Ошондой эле балдардын укуктарын коргоого байланышкан актуалдуу социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө мамлекеттик органдардын жана тиешелүү мекемелердин өз ара кызматташуусунун мааниси талкууланды.

Мындай жолугушуулар келечектеги социалдык кызматкерлер үчүн өзгөчө мааниге ээ. Алар студенттердин кесиптик билимдерин тереңдетүүгө, балдардын укуктарын коргоого карата жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга жана бул багытта мамлекеттик институттардын ролун тереңирээк түшүнүүгө өбөлгө түзөт.

Конок лекция студенттердин кесиптик даярдыгын өркүндөтүүгө, теориялык билимдерин балдардын укуктарын коргоо жаатында иш алып барган мамлекеттик органдардын практикалык тажрыйбасы менен айкалыштырууга мүмкүнчүлүк түздү.

Социология жана социалдык иштер кафедрасы конок лекторлорго мазмундуу лекциясы, баалуу маалыматтары жана келечектеги социалдык чөйрөнүн адистерин даярдоого кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирет.

(С) Асель Жолдошева — социология жана социалдык иш кафедрасынын доценти