2026-жылдын 6-июль күнү «Ак кеме» мейманканасында «Манас жана Махабхарата» эл аралык цивилизациялык изилдөөлөр борборунун ачылыш аземи жана «Манас» эпосунун хинди тилиндеги алгачкы котормосунун бет ачары болуп өттү.
Иш-чара Кыргызстандын Индиядагы элчилигинин жана Индиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулуп, ага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Индиянын расмий делегациясы, окумуштуулар, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын жетекчилери, маданият ишмерлери, манастаануучулар жана студенттер катышты.
Аталган борбордун түзүлүшү Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы гуманитардык кызматташтыкты мындан ары чыңдоого, эпикалык мурастарды жана цивилизациялык өнүгүү процесстерин салыштырма негизде комплекстүү изилдөөгө багытталган. Борбордун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарына «Манас» жана «Махабхарата» эпосторун илимий негизде изилдөө, салыштырма цивилизациялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, Евразиянын маданий мурастарын иликтөө, гуманитардык дипломатияны өнүктүрүү, эл аралык илимий кызматташтыкты кеңейтүү жана жаш изилдөөчүлөрдү даярдоо кирет.
Иш-чаранын алкагында борбор менен сегиз жогорку окуу жайдын ортосунда үч тараптуу кызматташтык келишимине кол коюлду. Бул иш-чарага Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору Н.Ишекеев катышып, университеттин атынан кызматташтык келишимине кол койду.
Бул демилге Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы илимий жана маданий байланыштарды тереңдетүүгө, эки элдин тарыхый-руханий мурастарын эл аралык деңгээлде изилдөөгө жана жайылтууга өбөлгө түзүүчү маанилүү кадам болуп саналат.
(С) Д.Мырзагулова — мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы