2026 жылдын 3-июлунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Мыкты тарбиячы-2026” республикалык онлайн кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Сынак Ж.Баласагын атындагы КУУ жана “Мугалим” илимий-педагогикалык журналы тарабынан жыл сайын салттуу түрдө уюштурулуп, быйыл 5-ирет өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”, “Улуттук нарк жөнүндө”, “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уӊгужолу жөнүндө» жарлыктарые жана «Кыргыз жараны» концепциясын жүзөгө ашыруу максатында жана «Мугалим» журналынын 12 жылдыгына карата 2026-жылдын апрель-май-июнь айларында тарбиячылар арасында республикалык деӊгээлде уюштурулган “Мыкты тарбиячы-2026” онлайн кароо-сынагы 2 этап, 5 багыт менен өткөрүлдү.
Сынактын жеңүүчүлөрүн КУУнун биринчи проректору — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев куттуктап, тарбиячылардын түйшүктүү жана жоопкерчиликтүү эмгегине ыраазычылык билдирүү менен ийгиликтерди каалады. Ал о.э. И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институт менен “Мугалим” журналы тарабынан жасалып жаткан мындай иш-аракеттер иш берүүчүлөр менен тыгыз кызматташуунун жыйынтыгы экендигин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, быйылкы жылы конкурска республика боюнча мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде эмгектенип жаткан 77 тарбиячы катышып, 60 конкурсант ат салышты.
“Мыкты тарбиячы-2026” республикалык онлайн-кароо сынагынын жыйынтыгы:
- Баш байге ээси: Кубанова Айзада Көкартовна — Жумгал районундагы “Кызарт Таң нуру” бала бакчасынын тарбиячысы;
- 1-орун: Асанкул кызы Кайырса — Нарын шаарындагы “№1 Ататүрк мектепке чейинки уюму” мекемесинин тарбиячысы;
- 2-орун: Мелисбек кызы Гүлназ — Нарын шаарындагы “№1 Ататүрк мектепке чейинки билим берүү уюму” мекемесинин тарбиячысы, Жолдошбаева Мөөркан Эшановна — Ноокат районундагы “Наристе балалык таңы” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячысы;
- 3-орун: Саадан кызы Айнура — Жети-Өгүз районундагы мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин тарбиячысы, Ураимова Элиза Арсланбековна — Өзгөн районундагы “Айсана-Апа” атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин тарбиячысы;
- 4-орун: Майрыкова Мээрим Мелисбековна — Нарын районундагы “Таӊгабийке-Бердике” бала бакчасынын тарбиячысы;
- 5-орун: Жээналиева Назгүл Шайлообековна — Тогуз-Торо районундагы Жаңылмырза мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин тарбиячысы.
“Сенсордук тарбия боюнча эң мыкты дидактикалык оюн” номинациясы боюнча жыйынтык:
- 1. Дүйшеналиева Чолпон Тыныбековна -Талас районундагы “Көпүрө-Базар” балдар бакчасынын тарбиячысы;
- 2. Абдиева Роза Аксойбековна — Нарын шаарындагы “№1 Ататүрк мектепке чейинки уюму” мекемесинин тарбиячысы;
- 3. Кубанычбек кызы Махабат — Жумгал районундагы “Азамат алтын балалык” бала бакчасынын тарбиячысы;
- 4. Курманалиева Мээрим Жумакуновна — Нарын облусундагы УКМКнин алдындагы «Керемет» мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы;
- 5. Жороева Келсинай Кудайбердиевна — Баткен районундагы “Нур Периште” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячысы.
“Мыкты дидактикалык оюн” номинациясы боюнча жыйынтык:
- 1. Батырканова Максат Рысмендеевна — Жети-Өгүз районундагы Бүбүкан Алымбаева атындагы “Сезим” мектепке чейинки уюмунун тарбиячысы;
- 2. Жаныбекова Нурмира Жаныбековна — Жети-Өгүз районундагы Бүбүкан Алымбаева атындагы “Сезим” мектепке чейинки уюмунун тарбиячысы;
- 3. Кубанычбек кызы Махабат — Жумгал районундагы “Азамат алтын балалык” бала бакчасынын тарбиячысы.
“Таза абада интеграцияланган эң мыкты этно оюн” номинациясы боюнча жыйынтык:
- 1. Бектурсунова Дилбар Урматовна — Жумгал районундагы “Кызарт таң нуру” балдар бакчасынын тарбиячысы.
“Таза абада эң мыкты кыймылдуу оюн” номинациясы боюнча жыйынтык:
- 1. Жантаева Суюмкан Кутманбековна — Ала-Бука районундагы №17 “Жаш-Тилек” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин тарбиячысы;
- 2. Кеӊешбай кызы Айнура — Өзгөн районундагы Саткын Камбаралиева атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы;
- 3. Рысбекова Бурулкан Талантбековна — Нарын шаарындагы “№1 Ататүрк мектепке чейинки билим берүү уюму” мекемесинин тарбиячысы.
“Таза абада мыкты кыймылдуу дидактикалык этнооюн” номинациясы боюнча жыйынтык:
- 1. Кадыкеева Перизат Уметбековна — Нарын шаарындагы “№ 1 Ататүрк мектепке чейинки билим беруу уюму” мекемесинин тарбиячысы.
“Таза абада мыкты кыймылдуу оюн” номинациясы боюнча жыйынтык:
- 1. Тандин кызы Айзада — Нарын шаарындагы “Умсунай-Апа” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин тарбиячысы;
- 2. Калдеева Мээрим Мукашовна — Нарын районундагы «Умсунай-Апа» мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин тарбиячысы.
“Эң мыкты музыкалык -дидактикалык оюн” номинациясы боюнча жыйынтык:
- 1. Өмүрбек кызы Кундузган — Жети-Өгүз районундагы “Бөбөктай Бай Эл” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин тарбиячысы.
“Билимдүү тарбиячы” номинациясы боюнча жыйынтык:
- 1. Эркебаева Нуржамал Жолдошбаевна — Өзгөн районундагы Айсан-Апа мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин тарбиячысы;
- 2. Талантбек кызы Перизат — Кочкор районундагы “Баластан-Нуру” балдар бакчасынын тарбиячысы;
- 3. Нурслан кызы Айпери — Ак-Талаа районундагы Жоробек Сатылганов атындагы жалпы билим берүү мектебинин алдындагы кыска мөөнөттүү бала бакчасынын тарбиячысы;
- 4. Асангелди кызы Элзат -Тогуз-Торо райондук билим берүү уюмуна караштуу Жаӊылмырза мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы;
- 5. Абдыбекова Касиет Садыбакасовна — Жумгал районундагы “Калыбеков Сапаралы атындагы балдар бакчасысынын” тарбиячысы;
- 6. Мойдин кызы Сабира — Жумгал районундагы “Азамат алтын балалык” бала бакчасынын тарбиячысы.
Кароо-сынактын Баш байгеси “Мыкты тарбиячы-2026” наамы, титулу, статуэтка жана баш байгени жеӊип алгандыгын тастыктаган диплом, “Мугалим” төш белгиси менен сыйланат. Ташкент шаарына саякат туруна жолдомо берилет. Жеӊүүчү «Мугалим» илимий-педагогикалык журналынын «Мугалимдин имиджи» рубрикасына чагылдырылат.
1-орун “Мыкты тарбиячы-2026” наамы, титулу жана I даражадагы диплом, статуэтка, төш белги, 4000 (төрт миң) сомдук китептер топтому (бир тарбиячы);
2-орун “Мыкты тарбиячы-2026” наамы, титулу жана II даражадагы диплом, статуэтка жана төш белги, 3000 (үч миң) сомдук китептер топтому (бир тарбиячы);
3-орун “Мыкты тарбиячы-2026” наамы, титулу жана III даражадагы диплом, статуэтка, төш белги, 2000 (эки миң) сомдук китептер топтому (эки тарбиячы).
4-5-орун диплом, титул жана кызыктыруучу сыйлык.
Калган катышуучулар ардак грамота менен сыйланат. “Мыкты тарбиячы-2026” футболкасы берилет. “Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тарбиячынын усулдук ишти жүргүзүүсү“ программасы боюнча 72 саат көлөмдөгү кыска мөөнөттүк дасыгууну жогорулатуу курсунун тастыктамасы ыйгарылат.