2026-жылдын 20-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «СССРдеги улуттук мамлекет куруу жана улуттук саясат: тарыхый тажрыйбаны заманбап өңүттөн кайрадан карап чыгуу» аттуу эл аралык илимий конференция башталды.  Иш-чара 1936-жылдагы СССР Конституциясынын 90 жылдыгына  жана Кыргыз АССРнин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Кыргыз ССРнин түзүлгөндүгүнүн  90 жылдыгына арналдууда.

И-чара Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана Россия Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Тарых институту тарабынан биргеликте уюштурулду.

Конференцияга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын башкы эксперти Замирбек Турсунбеков, КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасы Бекбосун Бөрүбашов, ошондой эле Россия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Тажикстан жана Кыргызстандын илимий коомчулугунун өкүлдөрү катышууда.

Пленардык жыйында бир катар баяндамалар жасалды. Алардын катарында Бекбосун Бөрүбашовдун «Совет мезгилиндеги кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнүн конституциялык негиздери» аттуу эмгеги сунушталды.

Баку инженердик университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору Алиева Севиндж Исрафил кызы «Нариман Нариманов жана Чыгыштагы советтик мамлекет куруу контекстиндеги мамлекеттик башкаруу жана мамлекеттик түзүлүш концепциясы» деген темада баяндама жасады.

Ал эми Россия Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Тарых институтунун директору, тарых илимдеринин доктору Вадим Маркович Рынков «Өткөн тарых — келечекти куруунун куралы: Борбордук Азия мамлекеттериндеги СССРдеги улуттук мамлекет куруу жөнүндө азыркы тарыхый эс тутум» деген теманы талдады.

Иш-чаранын алкагында улуттук мамлекет куруунун тарыхый тажрыйбасын заманбап көз караштан талкуулоого багытталган тегерек столдор жана панелдик дискуссиялар өткөрүлөт.

Конференция  эртең 21-октябрда да уланат.