2026-жылдын 20-октябрында Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун жогорку мектептин педагогикасы кафедрасында «Педагогика илиминин методологиясына байланыштуу жаңы жагдайлар» темасында методологиялык семинар өткөрүлдү.

Семинарды кафедранын профессору, педагогика илимдеринин доктору Н.А.Асипова алып барды.

Иш-чаранын негизги максаты — заманбап педагогика илиминдеги жаңы методологиялык багыттарды талдоо, илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатууга көмөктөшүү жана изилдөө темаларын тандоодо актуалдуу приоритеттерди аныктоонун маанисин ачып берүү болду.

Семинардын жүрүшүндө илимий изилдөөнүн методологиялык негиздерине, изилдөө темасынын актуалдуулугун жана илимий маанисин аныктоого, педагогикалык көйгөйлөрдү изилдөөдө туура методологиялык багытты тандоого өзгөчө көңүл бурулду. Профессор Н.А.Асипова системалуулук, маданият таануучулук, инсанга багытталгандык, аксиологиялык, ишмердүүлүк, компетенттүүлүк, синергетикалык, герменевтикалык, технологиялык жана инновациялык багыттардын өзгөчөлүктөрүн кеңири түшүндүрдү.

Ошондой эле заманбап педагогикалык изилдөөлөрдө дискурсивдик, чөйрөлүк, контексттик, жекелештирилген, субъект-субъекттик жана рефлексивдүү багыттарды колдонуунун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Санариптештирүү, жасалма интеллекттин өнүгүшү жана коомдогу социалдык-маданий өзгөрүүлөр шартында педагогикалык илимдин методологиясын жаңылоонун зарылдыгы белгиленди.

Семинардын жүрүшүндө изилдөө методдорун илимий иштин максатына, милдеттерине жана предметине ылайык тандоо, теориялык жоболорду практикалык изилдөөлөр менен айкалыштыруу, ошондой эле Кыргызстандын билим берүү системасынын улуттук жана социалдык-маданий өзгөчөлүктөрүн эске алуу маселелери каралды.

Өткөрүлгөн методологиялык семинар окутуучулардын жана изилдөөчүлөрдүн илимий-методологиялык компетенттүүлүгүн өркүндөтүүгө, педагогикалык изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатууга жана актуалдуу илимий темаларды негиздүү тандоого багытталган маанилүү иш-чара болду. 

(С) Нурбекова С.Н. — жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын ага окутуучусу