2026-жылдын 19-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жогорку окуу жайлардын студенттери арасында өткөрүлүп жаткан «Акыл таймаш» интеллектуалдык сынагынын экинчи сезонунун жетинчи оюну өттү. 

Оюнга төмөнкү окуу жайлардын атынан 12 команда катышты:

  • И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети;
  • Кыргыз-Түрк «Манас» университети;
  • К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети;
  • Ж.Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы;
  • И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;
  • К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети;
  • И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту;
  • С.Мамбеталиев атындагы Чүй университети;
  • Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясы;
  • М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети;
  • Кыргызстан эл аралык университети (Кувейт университети);
  • Кыргыз ислам университети.

Иш- чаранын ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин илимий иштер боюнча проректору Мырзабек Камчыбек уулу катышты.

Таймаш студенттердин аналитикалык ой-жүгүртүүсүн, интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу, ЖОЖдор аралык достукту чыңдоо жана командалык ишти өнүктүрүү максатында өткөрүлдү. Оюн 4 баскычтан туруп, катышуучуларга Кыргызстан жана дүйнө тарыхы, кыргыз наркы, дүйнө тааныуу жана аралаш темалар боюнча суроолор берилди.

Жыйынтыгында биринчи орунду К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин командасы ээледи. Экинчи орун Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин командасына, үчүнчү орун И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин командасына ыйгарылды.

Белгилей кетсек, интеллектуалдык сынак Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин Жаштар иштери боюнча Консультативдик кеңеши жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти жана №7-жатакана  тарабынан уюштурулду.