2026-жылдын 30-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновация министри Гүлзат Исаматова «Ачык кеңсе» медиа долбоорунун алкагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кырдаалдык борбору менен таанышты. Министрди ЖМК өкүлдөрү коштоп жүрдү.
Сапар учурунда министрге борбордун иши көрсөтүлүп, журналисттерге анын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.
Кырдаал борбору 2025-жылдын сентябрь айынан бери иштеп келет. Ал университеттеги окуу процессинин өз убагында жана үзгүлтүксүз жүргүзүлүшүн көзөмөлдөйт, кызматкерлердин эмгек тартибин сактоосуна жардам берет, билим берүүдөгү ачык-айкындуулукту камсыздайт, окутуучулардын жана студенттердин коопсуздугун жакшыртат жана жетекчилик тарабынан тез чечим кабыл алууга көмөктөшөт.
— Баткен, Нарын жана Таластагы аймактык институттар да борборго туташкан. Бул жерден сиз аудиторияда жана кайсы билим берүү мекемесинде өтүп жаткан лекцияны көрүп, ал тургай уга аласыз. Учурда мындай борбор Улуттук университетте гана иштейт», — деп белгиледи министр.
Андан кийин, Гүлзат Исаматова КУУнун мурдагы №4 жатаканасынын ордунда курулуп жаткан 16 кабаттуу көп функциялуу комплекстин курулушу менен таанышты.
Эскерте кетсек, «Ачык кеңсе» долбоору мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн ачык-айкын чагылдырууну көздөйт. Долбоордун негизги максаты — коомчулукка мамлекеттик кызматкерлердин жумуш күнүн эртең мененден кечке чейин ачык көрсөтүү.
(C) «Кабар» маалымат агенттигинин материалдарынын негизинде
Тема боюнча материалдар: