Кыргыз адабияты кафедрасынын доценти Назгуль Турдубаева 2026-жылдын 14-15-октябрында Башкортостан Республикасынын Уфа шаарындагы М.Акмулла атындагы мамлекеттик педагогикалык университетинде өткөн “Көп маданияттуу дүйнөдөгү элдерде заманбап филологиялык билим берүү: салттар, инновациялар, келечек» аттуу Бүткүл россиялык илимий-практикалык конференцияга катышып, “Вопросы познания и общественно-политические взгляды в поэме Жусупа Баласагына “Благодатное знание” деген темада баяндама жасады.
Конференциянын куттуктоосунда М.Акмулла атындагы мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Сагитов Салават Талгатович жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору Джайнакова Гульнур Бердибаевна сүйлөштү.
Аталган конференцияга Россиянын Москва, Новгород, Новосибирск, Тюмень, Санкт- Петербург, Абакан, Казань ж.б. шаарларынан катышты.
(С) Н.Турдубаева — Кыргыз филологиясы факультетинин деканынын илимий иштер боюнча орун басары