2026-жылдын 3-июль күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы “Билим Бишкек” инновациялык борборунун 36 айлык Денеяп программасы боюнча отчеттук иш-чарасы болуп өттү.
Аталган борбордун мүдүрү Санжар Алтымышев алып барган жыйынга мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин маданият иштери боюнча кеңешчиси Солмаз Хаберал, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Кыргызстандагы координатору Мехмет Бодур катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Андан кийин Денеяп программасы боюнча ролик көрсөтүлүп, «Билим Бишкек» инновациялык борборунун иш-аракеттери тууралуу презентация жасалды.
Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин, окуучулар командаларга бөлүнүшүп, жарыштар башталды.
Денеяп программасы тууралуу кыскача маалымат
Денеяп («экспериментте жана жаса») эл аралык билим берүү программасынын максаты — технологияга кызыккан, идиректүү жаштарды окутуу жана өнүктүрүү, жаштарга заманбап технологиялар боюнча терең билим берип, аларды келечектеги инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга даярдоо;
Окутуу 36 айга созулуп, эки негизги этаптан турат:
- 1-этап (24 ай): Теориялык билимди практикалык көндүмдөр менен айкалыштыруу. Катышуучулар ар бир технология багытында лабораториялык сабактарга катышып, негизги түшүнүктөрдү өздөштүрүшөт.
- 2-этап (12 ай): Катышуучулар топторго бөлүнүп, өз алдынча долбоорлорду иштеп чыгышат. Бул этапта алар идеяны ишке ашыруу, прототип түзүү жана презентациялоо көнүмдөрүн өнүктүрүшөт.
Программа төмөнкү 11 багытты камтыйт: робототехника, кибер коопсуздук, энергия технологиялары, дизайн жана өндүрүш, мобилдик тиркеме иштеп чыгуу, программалык технологиялар, жасалма интеллект, аба жана космос технологиялары, робототехника жана коддоо, нанотехнология жана каражат илими, электрондук программалоо жана заттардын интернети.
Денеяп долбоору учурда 6 өлкөнүн 88 шаарында 138 лабораториясы аркылуу иш алып барууда. Он миңдеген жаштар бул программа аркылуу заманбап технологиялар менен таанышып, өздөрүнүн долбоорлорун ишке ашырууда. Ар жыл сайын уюштурулган технологиялык фестивалдарда мыкты окуучулардын иштери көрсөтүлүп, улуттук жана эл аралык сынактарга катышуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
2025-жылдын сентябрь айынан тарта “Билим Бишкек” инновациялык борбору “Денеяп Кыргызстан” программасын ишке киргизүүдө. 7-сентябрь күнү сынактан өткөн балдарга жумасына 4 сааттан дем алыш күндөрү 36 ай бою акысыз билим берүү каралган. Бул демилге өлкөбүздүн билим берүү системасына жаңы дем берип, технологиялык жактан өнүккөн Кыргызстанды курууга багытталган.
“Денеяп Кыргызстан” — бул жөн гана билим берүү эмес, бул келечекке багытталган стратегия. Биздин максат — технологияны өздөштүргөн, ойлоп табууга шыктуу, коомго пайда алып келе турган жаштарды тарбиялоо.