2026-жылдын 30-июнунда И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык институт тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө жарлыгын, Туруктуу өнүгүү максаттарын жана «Кыргыз Республикасында 12жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясын» ишке ашыруунун алкагында «Искендер Исамидиновдун окуулары: Санариптик трансформация шарттарында педагогикалык билим берүүнү модернизациялоо» аттуу эл аралык педагогикалык форум өткөрүлдү.

Жыйындын негизги максаты — санариптик трансформация шартында педагогикалык билим берүүнү өнүктүрүүнүн актуалдуу багыттарын талкуулоо, 12 жылдык билим берүү системасына өтүү шартында педагогикалык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу, алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо болду.

Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Башкортостан (РФ ) жана Өзбекстандан келген окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын жетекчилери, профессордук-окутуучулар курамы, илимий кызматкерлер, жаш окумуштуулар, магистранттар жана билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү, о.э. п.и.д., профессор Искендер Исамидиновдун үй-бүлөсү катышышты.

Форумдун ачылышында КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев куттуктоо сөз сүйлөп, Искендер Исамидиновдун педагогикалык билим берүүнү өнүктүрүүдөгү баа жеткис эмгегин эскерип, анын илимий мурасы бүгүнкү форумдун негизги идеялары менен үндөш экенин белгиледи жана форумдун ишине ийгиликтерди каалады.

Иш-чаранын модераторлук милдетин И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык институттун директору, п.и.д., профессор Рахат Сулайманова аткарды.

Пленардык жыйында педагогикалык билим берүүнү санариптештирүү жана модернизациялоо боюнча актуалдуу баяндамалар угулду.

  • п.и.д., профессор, УИАнын корр. мүчөсү Эсенбек Мамбетакунов «Билим берүүнү санариптештирүүнүн законченемдери жана принциптери жөнүндө» темасында баяндама жасап, санариптик билим берүү процессинин илимий негиздерине токтолду;
  • п.и.д., профессор Нурбүбү Асипова «Кыргыз Республикасындагы заманбап педагогика илиминин абалы жана анын өнүгүүсүнүн социалдык, маданий өбөлгөлөрү» аттуу баяндамасында өлкөдөгү педагогикалык илимдин бүгүнкү абалын жана өнүгүү багыттарын талдап берди;
  • Казакстандын М.Х.Дулати атындагы Тараз университетини профессору, п.и.д. Клара Бузаубакова «Модернизация педагогического образования Республики Казахстан: школоцентрическая модель образования «Исследующий педагог – исследующая школа – исследующий университет»» аттуу баяндамасы менен бөлүшүп, коңшу мамлекеттин педагогикалык билим берүүнү жаңылоо тажрыйбасын сунуштады.

Форумдун алкагында «Кыргыз Республикасындагы педагогика илимдеринин докторлору» аттуу китептин бет ачары өткөрүлдү. Презентацияга китепке кирген  республикадагы педагогика илимдеринин докторлору катышып, басылманын өлкөнүн педагогика илиминин өнүгүшүндөгү маанисин белгилешти, катышуучулар тарабынан кааалоо тилектер айтылды.

Тыныгуудан кийин секциялык жыйындар уюштурулуп, педагогикалык билим берүүнү модернизациялоо, санариптик технологияларды билим берүүдө колдонуу, функционалдык сабаттуулукту өнүктүрүү, компетенттүүлүккө негизделген окутуу, мугалимдерди даярдоонун жаңы моделдери жана илимий-методикалык камсыздоо маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, форумга 4 өлкөнүн 34 билим берүү мекемесинен 110 макала келип түшкөн. Алардын ичинде 25 университет жана институттар, 4 колледж, 4 жалпы билим берүүчү мектеп жана 1 мектепке чейинки билим берүү уюму болду. Эл аралык катышуучулардын катарында:  

  • Россия Федерациясынын М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университети,
  • Казакстандын Шакарим университети, М.Х. Дулати атындагы Тараз университети, Назарбаев интеллектуалдык мектеби, Бескарагай райондук билим берүү бөлүмүнүн “Жалпы билим берүү боюнча №1 орто мектеби,
  • Өзбекстандын Кары Ниязи атындагы Тарбия педагогикасы улуттук институту.

Ошондой эле Кыргызстандан:

  • Кыргыз билим берүү академиясы,
  • И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы,
  • Кыргыз-Россиялык Билим берүү академиясы,
  • И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, анын Кара-Балта шаарындагы филиалы жана Бишкек техникалык колледжи,
  • И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети,
  • Кыргыз-Россия Славян университети,
  • Ала-Тоо эл аралык университети,
  • К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети,
  • Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, анын Баткендеги көп тармактуу аймактык институту, С.Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институту жана Талас аймактык көп тармактуу институту,
  • академик М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети, анын гуманитардык-технологиялык колледжи,
  • А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети,
  • Ош мамлекеттик университети,
  • Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети,
  • К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети,
  • Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети жана анын экономика жана укук колледжи,
  • Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институту,
  • И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту,
  • Талас облустук билим берүү усулдук борбору,
  • Бишкек компьютердик технологиялар жана системалар колледжи,
  • «Тунук» наристе бала бакчасы,
  • «КА Скул» окуу-тарбия комплекси жана №56 орто мектеби катышышты.

Форумдун соңунда катышуучулар педагогикалык билим берүүнү өнүктүрүү, санариптик трансформацияны ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын 12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча сунуштарын билдиришти. Иш-чаранын жыйынтыгында форумдун катышуучуларына сертификаттар тапшырылып, эл аралык кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүү боюнча макулдашууларга жетишилди.

(С) Айсулуу Эгамбердиева — И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институттун директорунун илимий иштери боюнча орун басары

Добавить комментарий