QS Quacquarelli Symonds компаниясы дүйнөдөгү жогорку окуу жайлардын ишин баалоо үчүн эң абройлуу глобалдык куралдардын бири болгон QS World University Rankings 2027 жыйынтыктарын жарыялады.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети аталган рейтингдеги 1201-1400 позициясын сактап, дүйнөлүк рейтингге кайрадан кирди. Бул жыйынтык анын Кыргыз Республикасындагы алдыңкы университеттердин бири экендигин тастыктап, университеттин билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, изилдөөлөрдү өнүктүрүү, эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана академиялык кадыр-баркын көтөрүү боюнча системалуу жана туруктуу аракеттерин чагылдырат.
Маалыматтарга ылайык, QS World University Rankings 2027 рейтингинде дүйнөнүн 106 өлкөсүнөн жана аймактарынан 8808 университет бааланып, алардын 98 жогорку окуу жайы рейтингге биринчи жолу кирген.
QS рейтингинин изилдөө компоненти эл аралык маалыматтарды комплекстүү талдоого негизделген. Рейтингди даярдоо үчүн 21 миллиондон ашык илимий басылмалар жана 222 миллиондон ашык цитаталоо талданган. Рейтингдин негизги көрсөткүчтөрүнүн бири дүйнөлүк академиялык жана кесиптик коомчулук тарабынан университеттердин кадыр-баркына баа берүү болуп саналат. 2027-жылы QS изилдөөсүнө болжол менен 1,6 миллион академиялык коомчулуктун өкүлдөрү жана 600 000 жумуш берүүчүлөрдүн катышып, бул рейтингди жогорку билим берүү жаатындагы эң комплекстүү эл аралык изилдөөлөргө айландырган.
Кыргыз Республикасы дүйнөлүк академиялык коомчулукта туруктуу катышуусун сактап келет. QS Дүйнөлүк Университеттер рейтингинин 2027-жылдагы тизмесине Кыргызстандагы беш университет киргизилген. Бул улуттук жогорку билим берүү системасынын өнүгүшүн жана анын эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграцияланышын тастыктайт.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин QS рейтингине катышуусу университеттин эл аралык имиджин бекемдөөгө, академиялык байланыштарды кеңейтүүгө, илимий потенциалды өнүктүрүүгө жана ата мекендик жогорку билим берүүнүн глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.
КУУнун ректораты Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Баткен аймактык көп тармактуу институтунун, С.Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институтунун, Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институтунун, М.М.Тайыров атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун, А.А.Машрабов атындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун жана Талас аймактык көп тармактуу институтунун окутуучуларын, кызматкерлерин жана студенттерин окуу жайдын дүйнөлүк рейтингге кайрадан кириши менен куттуктайт.
(C) Элина Атантаева — лицензиялоо жана аккредитациялоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси